Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар

Автоунаа өндүрүшү ХХ кылымда жигердүү өнүгүүгө бет алды. Азыркы таанымал компаниялардын көбү ошол учурда жаңыдан өнүрүшкө кадам таштап, эң алгачык унааларын жасап баштаган. Үлкөн компаниялардын эң алгачкы өндүрүмдөрү.

«Honda T360» (1963-жыл)

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин курулган бул компания эң алгач элесепет, мотоцикл чыгара баштаган. 1960-жылдан кийин гана автоунаа чыгарууга кадам койгон. Алгачкы чыгарган автоунаасы «Honda T360» деп аталат. Жүк ташууга ыңгайланышкан.

Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар
«Peugeot Type 1» (1889-жыл)

Peugeot компаниясы эң биринчи жолу буу менен жургөн үч дөңгөлөктүү унаа чыгарган. Канча даана унаа чыкканы белгисиз, бирок азыркыга чейин бирөө гана сакталып калган.

Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар
«Ford Quadricycle» (1896-жыл)

Генри Форд алгачкы автоунаасын компаниясы курула электе жасап чыккан. Сатууга үч даана «Ford Quadricycle» үлгүсүндөгү унааларын чыгарган. Сатыктан түшкөн акчаны компанияны түптөөгө жумшаган.

Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар
«Toyota A1» (1935-жыл)

Жапондук компания чыгарган алгачкы автоунаанын бирөө дагы сакталып калган эмес. Себеби, болгону 3 даана автоунаа жасалган. 1936-жылы «Toyota A1» автоунаасынынын прототиби иретинде «Toyota AА» унаасы жасалган.

Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар
«BMW 3/15s» (1927-жыл)

Компания 1913-жылы «Rapp Motorenwerke» деген ат менен курулган. 1927-жылга чейин учактын запастык бөлүктөрүн чыгарган. Ушул эле жылы «BMW» «Fahrzeugfabrik Eisenach» компаниясын сатып алып унаа чыгарууга бел байлаган.

Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар
«Renault Type A» (1898)

«Renault» компаниясынын алгачкы автоунаасы 1898-1903-жылдар аралыгында чыккан. 290 даана жасалган.

Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар
«Chevrolet Series C Classic Six» (1913)

«Chevrolet» компаниясы алгачкы автоунаасын 1913-жылы жасаган. Ошол убакта чыккан 5000ге жакын унаадан экөө гана сакталып калган.

Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар
«Opel Patentmotorwagen System Lutzmann (1899)»

«Opel» компаниясынын алгачкы унаалары 1899-1902-жылдар аралыгында чыккан. 13 жыл ичинде 65 даана унаа куралган. Бирок жогорку суроо талапка ээ болгон жок. 1903-жылдан баштап «Opel 9 PS» жаңы үлгүдөгү унаа чыгара баштаган.

Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар
«Hyundai Pony» (1975)

Ийгиликке карай-алгачкы автоунаалар

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}