Ийгиликке жетелебеген сөздөр

Ар бир адам айланасындагы адамдар менен мамилесин чыңдагысы келет. Эгер сөз байлыгыңыз кенен жана сыпайы-сылык маектешкенди билсеңиз ар бир инсан менен тил табышып кетүү оңой. Сөздү жөндөп сүйлөсөңүз, сөзгө сөздү баптап, сөздү таптап сүйлөсөңүз каршыңыздагы адамды ынандыра аласыз. Ийгиликке жетем десеңиз маектешүүдө айрым сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонбогонуңуз жакшы. Алар кайсылар?

Мүмкүн эмес

Бир караганда мүмкүн эмес, ишке ашпай турган жагдайлар көп. Балким ошондой сезилет. А чын-чынына келгенде ар бир көйгөйдүн, маселенин чечилиш жолу бар. Кудум чачышкан түйүндүн да жандырмагы болгондой. Тагдыр эмеспи, турмуш эмеспи, албетте, сыноосу да болот, кайгысы, аркасынан кубанычы да болот. Башка келген ар бир кыйынчылыкка эле майышып, сабырсыздык көрсөтсөк ийгиликке жетүү, деги эле жашоого умтулуу мүмкүн эмес. “Мүмкүн эместин” болушу өзү мүмкүн эмес. Аракет кылсак туңгуюктан да жол таба алабыз. Аракет аркасында берекет бар экенин унутпай алдыга гана умтулуңуз.

Келечекте

Келечектин кандай болору бир Жаратканга маалым. Балким келечекте жакшы жашоо күтүп тургандыр, а балким андай эмес. Эртең менен эмес бүгүн менен жашап үйрөнүңүз. Бүгүнкү жашоо менен эртеңдин камын камдай жүрүңүз. “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” бүгүнкү учу көрүнгөн бийик аскага эртең эле жете барабыз. Келечекте кылам эмес келечек үчүн ар бир кадамыңызда кызмат кылыңыз.

Өкүнүчтүү

Өкүнгөндөн пайда жок. Өкүнгөн менен айла жок. Башты мыкчып, бармак тиштегенден чыгар майнап болсо, көп адам ийгиликке жетишмек. Эгер сиз ийгиликке умтулган инсан болсоңуз өкүнүч сиз үчүн эмес.

Жасай албайм

Эгер кыйындыкка туш келип, “колумдан келбейт” деп кол шилтеп басып кетсеңиз-бул сиздин чабалдыгыңыздын белгиси. Чабалдыкты унутуп чамдасаңыз колуңуздан баары келет.

Эртең

Жалкоонун эртеңи түгөнбөйт. Эртең бүгүнкүдөн да маанилүү иштер бар. Бүгүн бүтүрчү ишти эртеңкиге жылдырып коюунун, эртеңки күндү татаалданткандан башка пайдасы жок. Бүгүн бүтпөгөн тирликтин эртең бүтүшүнө өзүңүздөн башка эч ким ишенбейт. Ар бир ишти өз убагында бүтүрүү түйшүгүңүздү жеңилдетет.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}