Ийгиликтүү адамдар күнүгө жасаган 9 адат

Адамдын бүгүнкү кыймыл аракети эртеңки келечеги. Ошондуктан сиздин жасап жаткан ар бир ишиңизге көңүл буруп, анализдеп турууңуз маанилүү. Алдыда ийгиликтүү адамдардын сыры менен таанышып, аны адатка айландырып алсак ашыкча болбос.1. Бай адамдар кыялын эстен чыгарбайт
«Мен кыялымды бир дагы мүнөт унутпайм”
Бай адамдар — 62%
Кедей адамдар — 6%
Ийгиликтүү адамдар жөн гана алдыга максат койбойт. Алардын 67% кыялын деталдап кагаз бетине жазып чыгышат. Эгерде адам кыялын жөн гана оюнда сактап жүрсө ал, максат эмес жөн гана кыял бойдон калышы мүмкүн.

2.Алар бүгүн эмне кылаарын ачык айкын билишет:

«Менин күнүмдүк иштерим, пландарым, жолугушууларым күндөлүкө жазылат»
Бай адамдар — 81%
Кедей адамдар —19%
Ийгиликтүү адамдар жөн гана иш планын түзбөстөн анын 70% иш жүзүнө ашырат.

3.Бай адамдын адамдын үйүндө чоң китепкана болот, кедей адамдын үйүндө чоң сыналгы болот:
«Мен күнүгө 1 сааттан ашык сыналгы көрбөйм»
Бай адамдар — 67%
Кедей адамдар— 23%
Статистикага көз чаптырсак 6% ийгиликтүү адамдар гана реалити-шоу көрүшөт. Ал эми кедей кем багалдардын 78% өмүрүн сериал, реалити шоулорго арнайт.Көпчүлүк ийгиликтүүлөр күнүгө китеп окууга убакыт табууну адат кылып алышкан.

4.Алар китеп менен дос:
«Мен окуганды жакшы көрөм»
Бай адамдар — 86%
Кедей адамдар— 26%
Көпчүлүк бай адамдар илимий адабий чыгармаларды тандашат. Алар орто эсеп менен күнүгө 30 мүнөт китепке бөлөт. 88% ийгиликтүүлөр өнүктүрүүчү китептерди окушат, ал эми кедейлердин 2% гана окуганды тандашат.

5. Алар аудиокитептерди да угушат:
«Жолдо мен аудиокитеп угам»
Бай адамдар — 63%
Кедей адамдар— 5%

6.Жумушуна берилишет:
« Мен жумуштан берилген тапшырмадан артыгын жасаганга аракет кылам»
Бай адамдар — 81%
Кедей адамдар
— 17%
Маанилүү: Кандай иш, кайсы жакта жасаба, ал ишиңдин мыктысы бол деген ураанды карманышат.

7. Алар лотереядан утуш күтпөйт:
«Мен дайыма лотерея ойнойм»
Бай адамдар — 6%
Кедей адамдар— 77%
Лоетерядан утушка ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө караганда, адамдын башына метеорит түшүп кетүү мүмкүнчүлүгү жогорураак экени билишет. Өзүнүн эмгеги жана акылына ишенип иш жасашат.

8. Салмагын көзөмөлдөйт:
«Мен тамактануумду көзөмөлгө алам».
Бай адамдар — 57%
Кедей адамдар— 5%
Ден соолук биринчи байлык экенин эстен чыгарбай, алар машыгып, сууда сүзүп, же эртең менен таңды чуркоо менен тосушат. Чындыгында дени сак адамда күчтүү рух болот эмеспи.

9. жана, дагы алар жылмаюууну унутпайт:
«Менин жылмаюум жагымдуу болуш үчүн тишимди күнүгө жип менен тазалайм. Ошондой эле убагында каирес ж.б арылып турам».
Бай адамдар — 62%
Кедей адамдар— 16%

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}