Жашоонун маңызы

Өткөн заманда бир адам жашоонун маңызы тууралуу ойлонуп, өзүнө суроо салып, суроосуна жооп таба албай баш катырган экен.
Кандай жооп таппасын, жообуна канааттанбай, башка адамдардан да сураштырып баштайт. Тилеке каршы алардан уккан жообу да жетиштүү болбойт. Ушундай болмок беле? Сөзсүз бир жообу болушу керек да. Андыктан адам алдынан чыккан ар бир адамга суроо салып, жооп тапканга аракет кылып, жолун улайт…
Ат арытып, жол карытып, аралабаган аймагы калбайт; айыл аралап, өлкө кыдырат; мындай учурда албетте, убакыт да токтобой өтө берет эмеспи…
Акыры бир айылга туш болуп, ал жактан да жооп таппай, үмүтү үзүлүп, көңүлү калып бара жатканда ушул айылдагы адамдар ага:
— Маңдайдагы тоолорду көрүп турасыңбы? Ошол тоо тарапта акылман карыя жашайт. Кааласаң барып жоолугуп көр, балким издеген жообунду ошол карыядан угасың, дешти.
Суроо салып, суроосуна жооп таппай жүргөн адам, узун жолду араң басып өтүп, акыры чарчаңкы абалда карыя жашаган үйгө да келип жетти. Эшиктен кирип келип эле, акылман карыяга дароо суроосун узатты. Акылман карыя, «макул, мен сага бул сурооңдун жообун айтам, бирок, алгач бир сынактан өтүшүң керек»,- деди. Адам албетте макул болот. Акылман, адамдын колуна бир чай кашыгы карматып, кашыктын ичине зайтун майын куят дагы:
— Эми, бакчага чыгып, аралап, кайра кел, бирок эсиңде болсун, кашыктагы май төгүлүп калбасын, бир тамчы болсо да төгүлсө бар нерсеңдин баарын жоготкон болосуң, дейт.
Адам көзүн колундагы кашыктан албай бакчаны кыдырып кайра келет. Акылман карыя адамдын колундагы кашыкты карап
-Жакшы, кашыктагы май төгүлбөптүр, ал эми бакча кандай экен?,-деп сурады.
Адам шашкалактап:
-Мен кашыктан башка жакты караган жокмун да, дейт…
— Азыр болсо, кайрадан бакчага барып, аралап, жакшылап кыдырып кел, бирок кайрадан эле кашык колуңда болот, деди акылман.
Адам кайрадан бакчага чыгып, аралап, бакчанын кооздугу суктанып, абдан таасирленет. Кайрадан келгенде акылмандын «бакча кандай экен?» деген суроосуна, бакчанын кооздугуна жана сулуулугу абдан таасирленгенин айтып берет. Акылман карыя болсо, адамга карап жылмайып «бирок, кашыкта бир да тамчы май калбаптыр го»,- деп сөзүн улантат:
— Жашоо сенин көз караштарыңа жараша мааниге ээ болот. Же сен бир гана чекитти көрүп жашайсың, жашооң өтүп кете берет, сен түшүнбөй да каласың, же болбосо көрүүгө мүмкүн болгон бардык кооздуктардын так ортосунда жашооңду жашайсың, бирок колуңдагы зайтун майы сыяктуу жашооңдогу эң маанилүү нерсени дагы эсиңден чыгарбайсың, ошондо гана өтүп жаткан өмүрүн кандайдыр бир мааниге ээ болот. Жашоонун маңызы — өзүңдүн көз карашыңда катылуу. Жашоого кандай карасаң, ошондой мааниге ээ.

Булак: https://secmehikayeler.com/egitici-hikayeler/guzel-bir-hikaye-hayatin-anlami.html

Которгон: Муратбекова Айнек

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}