Жети белги

Жети белги
Акылмандан сурашыптыр: “Эмне үчүн акылдууну акылдуу деп аташат?”. Анда акылман мынтип жооп берген экен: “Анткени анын жети белгиси бар, ошого карап аныкташат.
Ал аны капа кылгандардын күнөөсүн кечирет; ал өзүнөн төмөн тургандарга момун мамиле кылат, өзүнөн өйдө тургандарга жакшылык кылууга аракет кылат; дайыма Жаратканды эсинде сактап жүрөт. Ал качан гана билген нерсеси болгондо сүйлөйт. Ал өз убагында айтылган сөздүн пайдасы тууралуу билет.
Ушул сымал эле түркөйдүн да өз белгилери бар:
Ал адамдарга ырайымсыз мамиле кылат, капа кылат. Өзүнөн төмөн тургандарды басмырлайт. Жол башчыларга, жетекчилерге менменсинет. Билбегенин сүйлөйт, айтчу жерде унчукпайт. Эгер кыйынчылыкка туш болсо өзүн ойрон кылат, эгер жакшы иштерди көрсө, Жараткандан жүзүн бурат (шүгүр кылбайт) ”.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}