Каалоосу жок шакирт – канаты жок куштай

Чыгыш акыны жана ойчулу, 20 жылдан ашык дербиштин кийимин кийип алып эл аралаган атактуу «Гүлистандын» автору Саади Ширази артында мухиттен табылган берметтей нарктуу ой тизмектерин таштап кеткен. Алар адамзаты үчүн эң сонун рухий байлык болуп калды.Баарлашып жаткан адамдарыңды тажатып алба, алар «бүтүр» деп кыйкыра электе кебиңди жыйынтыкта.

Сырыңды досуңа да ишенбе, себеби досторуңдун башка досу бар. Сырларыңды бекем сакта, оозуңдан чыктыбы — душманыңа жеңилдиң.

Чыдамкай адам гана жумушунун аягына чыга алат, чыдамы жок кулап түшөт.

Алсыз душманыңа ырайым кылба, себеби ал күчтөнгөндө сага ырайым кылбайт.

Каалоосу жок шакирт – канаты жок куштай.

Эмгексиз окумуштуу – түшүмсүз дарак.

Досторуңдан өзүңдүн кемчиликтериң тууралуу сураба, себеби алар аны айтышпайт. Жакшысы, душмандарың сен жөнүндө эмне айтышарын сурап бил.

Жакшылап ойлонуп туруп сүйлө, жерпайсыз дубал көтөрбө.

Адам оозун ачкыча анын жакшы жагы да, жаман жагы да туңгуюк.

Душманыңдын кеңешин кабыл алуу — жаңылыштык, бирок аны угуп, кайра тескерисинче кылыш үчүн угуп коюу керек.

Карылык жашоонун түркүн түстөрүн бозортуп, тикенектерин ого бетер учтуу кылат.

Алсыз колдор оор кылычты көтөрө албайт. Эрки бош адамдардан акыйкаттык күтпө.

Назик сөздөр жана боорукерлик менен пилди да ордунан козгоого болот.

Ушак айткан адам ушагы өзүн өлтүрөрүн аңдабайт.

Тишиң жок болсо нан чайнай бересиң, наның жок болсо мына ошол чындап кайгы!

Ашказандын бийлиги болбогондо, бир дагы чымчык мергенчинин торуна түшпөс, мергенчи да торун жайбас эле.

Эгерде акылман тарбиясыз адамдардын арасында бир ооз кеп айта албаса, ага да таң калба: ажайып обон барабандын кулак тундурган үнүнүн алдында угулбас, а гүлдүн жытын сарымсактын жыты басып кетет.

Биргелешсе, кумурскалар да арстанды жеңе алышат.

Адамдар менен алардын акылына карап баарлаш.

Арстандар жаныбарлардын арстаны, а эшек эң төмөнкү орундагысы деп айтышат; бирок адамга кол салган арстандан көрө жүк ташыган эшек алда канча артык.

Эки адамдын эмгеги текке кетет: ким байлык жыйнап анын үзүрүн көрө албаса, ким илимге сугарылып, бирок аны турмушта колдоно албаса.

Шашылыш жасалган жумуштун өмүрү кыска.

Алсыз душман зыян келтире албайт деп ойлоо бул – учкундан жалын тутанбай дегендикке барабар.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}