Кандагы гемоглобинди көбөйтүүчү 7 азык

Акыркы мезгилде анемия оорусу менен ооругандардын саны күн санап көбөйүүдө. Бул оору адамдардын организмине керектүү азык-заттардын жетишсиздиги жана адамдардын туура эмес тамактануусунун негизинде келип чыгууда. Бүгүн, аз кандуулукту жоюу, кайсы азыктар кандагы гемоглабинди көтөрөрү тууралуу кеп-кеңештерди сунуштайбыз.
1. Сабиз ширеси. Жумасына 3-4 жолу 1 стакандан ичип туруу жакшы натыйжасын берет. Бир стакан сабиз ширесинде 500 гр сабиз болот.

2. Кулпунай жана бүлдүркөн. Бул жемиштерди кайнатпастан өзүн жеген пайдалуу.

3. Кызылча. Кызылчаны сүргүчтөн өткөрүп да, ширесин ичип да кандагы гемоглобинди көбөйтүүгө болот.

4. Бал, грек жаңгагы жана өрүктү аралаштырып, аз-аздан тамак рационуна кошуу канды көбөйтөт.

5. 2 аш кашык чалкан жана жапайы бүлдүркөндүн жалбырактары, 3 кашык көк чай менен ромашканын гүлдөрүн майдалап, аралаштырып термоско салып, 700 гр кайнак суу куят. Муну күнүнө 1 стакандан 3 жолу ичет.

6. Ит мурундун мөмөлөрүн термосто чай сыяктуу демдеп, ага бал кошуп ичүү да иммунитетти көтөрүп, кандын өлчөмүн калыбына келтирет.

7. Жогоруда айтылгандардан тышкары гречка, алма, малина, анар сыяктуу азыктар да кандагы гемоглобин үчүн миңдин бири болуп саналат.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}