Капитансыз кеме

Бир акылманга динге ишенбеген адамдар ар кандай суроолорду узатышып, андан ынанымдуу жоопторду алгысы келишти. Илим менен технология өз дооруна жараша өнүккөн, укук жаатында жана коомчулукта бир топ жетишкендиктер өкүм сүрүп турган ошол учурда динге ишенбеген адамдар акылманга төмөндөгүдөй суроо беришти:– Оо, акылман! Биз Жараткандын бар экенине ишенбейбиз! Көзүң менен көрбөгөн затка кантип сыйынасың?

Чындап эле ошол учурда акылман жашаган аймактарда динге ишенбеген адамдар абдан эле көп болгон. Анткени, ал жерлерди байыртадан динге ишенбеген адамдар байыр алып келишкен эле.

Акылман баарын аларга оңой жана жеңил таризде түшүндүрүүгө киришти:

– Тынымсыз толкуп турган деңизде чоң толкундардын болуп жаткандыгына карабай өз багытын ныпым да өзгөртпөй тикелей жээкти көздөй бара жаткан кемени көрсөңөр, аны чебердик менен айдатып бара жаткан бирөөнүн, тагыраак айтканда, капитандын бар экендигинен күмөн санайсыңарбы?
Алар баары бир ооздон:

– Жок! – деп жооп беришет. Ошондо акылман:

– Андай болсо, мына бул жылдыздар, мына бул зор аалам, жер жүзү кудум эле чоң деңиздин үстүндө бир да жери бузулбай жүрүп бараткан кеме сыяктуу да. Анан мына ушул жараяндардын баары өзүнөн өзү иш жүзүнө ашып жатат деп кантип айтасыңар? Демек, бул жылдыз-дардын, бүтүндөй зор ааламдын да чебер бир «капитаны» бар, Ал Жаратуучунун Өзү, – деп айтканда, динге ишенбеген адамдардын баары:

–Жаратуучунун жалгыз экендигине ыйман келмесин айтып, ыйман келтиришкен экен.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}