Кар тууралуу кызыктар

Кээ бирөөлөр жыл мезгилдеринин ичинен кыш айын чыдамсыздык менен күтсө, ал эми айрымдарына кыш учуру такыр жакпайт. Анын себеби аба-ырайы кескин түрдө өзгөрүлгөндүгүндө. Тээ илгертен айтылгандай кыштын кыштай болгону жакшы. Канткен менен да бул айдын керемети аппак кардын сүрү менен өзгөчө. Демек кызыктар да арбын. Анда назар салыңыздар.1. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, кышында жааган кар эч качан жалгыз болбойт. Сөзсүз түрдө жуп-жубу менен жаай тургандыгы далилденген. Ар биринин өзүнчө мааниси, орду болот.

2. Кышында кар күн нурунун 90 пайызын чагылдырып, жердин жылышына жол бербейт.

3. Сүрөттөлүшү боюнча кар дүйнө жүзүндө 24 түрдөгү касиетти камтыйт. Элдик ишенимде ак тилектер кыштын таңында айтылса ал сөзсүз орундалат.

4. Кардын пайда болушу суунун микро тамчыларынан акырындап биригип, төмөнкү температурада тоңушу менен башталат. Алгачкы көлөмү 0,1 мм ден ашпаган муз кристаллдары абанын нымдуулугунун жана конденсациянын натыйжасында өсүп отуруп, төмөн түшө баштайт.

5. Кар бүртүкчөлөрүнүн 95 пайызы абадан тургандыктан, тыгыздыгы аз болуп, жааганда ылдамдыгы саатына 0,9 км ди түзөт.

6 Диаметри 12см болгон эң чоң кар изилдөөлөр боюнча 1851-жылы Индиянын батыш тарабында биринчи жолу жааган. Ошол эле окуя 1987-жылы 28-январда АКШда катталган. Андагы кардын диаметри 38см болгон.

7. Кардын ак түстө болушу анын курамындагы муз кристаллдарынын жана абанын ортосунда жарык нурларынын чагылышына байланыштуу.

8. 1885-жылы Америкалык Уилсон Бентли алгачкылардан болуп микроскоптон кар бүртүкчөсүнүн сүрөтүн алган.

9. Кар 0 градуста эрийт. Бирок, күн нурунан кар бүртүкчөлөрүнүн көпчүлүгү эрибей түз эле бууланып кетет.

10. 1см калыңдыктагы кар болжол менен 30 куб метр сууну түзөт.

Ынтымак

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}