Карга жана тоос

Токойдо бир карга жашоосуна ыраазы болуп, эркин учуп конуп, каалаган мөмө-жемишин жеп сонун жашаптыр. Бир күнү токой четинде көлдө сүзүп жүргөн ак кууну көрүп калды. “Ай иий, аппак экен, а мен болсом капкарамын. Ак куу дүйнөдөгү эң бактылуу куш болсо керек” деп ойлодуАл ак кууга учуп барды да, өз оюн айтты. “Ооба,” деди ак куу, “Мен өзүмдү эң сулуу кушмун деп эсептечүмүн. Бирок, бир күнү кызыл көк түс аралаш ушунчалык кооз тоту кушту көрүп калып, өзүмдү бактылуу сезбей калдым. Менимче, тоту куш дүйнөдөгү эң бактылуу куш.”

Андан соң, карга тоту кушка жетип барды да, “кандай гана коозсуң, эң бактылуу куш турбайсыңбы”, деди. Тоту куш да: “Мен да бактылуу өмүр сүрүп жашап жатканмын. Бирок, менде болгону эки гана түс бар экен. Менин оюмда, тоос эң бактылуу куш. Ал түркүн түстүү жана ажайып бир куш” деп жооп берди.

Тоту куштун пикирин уккан, карга тоосту издеди. Алыс жакын учуп, айбанаттар багынан аябай кооз тоосту көрүп калды. Жанына баргысы келди, бирок тооско суктанып, сүрөткө түшүп аны тегеректеп турган жүздөгөн адамды көрүп кечке күттү. Кечинде эл кеткен соң, тоостун жанына келип, “күн сайын жүздөгөн адам сени сулуулугуңа суктанып келип көрүп кетишет экен. Чындыгында эң бактылуу куш сен экенсиң да” деди.

Тоос да каргага карап, “Мен өзүмдү дүйнөдөгү эң сулуу жана эң бактылуу куш сезип сопсонун жашап жүрчүмүн. Мына сулуулугум мени капаска салды. Өз сулуулугумдун туткуну болуп, кожоюнум эсептеп, үнөмдөп берген жемди гана жеп, ээн-эркин жүрө албай, капас ичинде жашап келатамын. Эгер мен карга болуп жаралып калсам, ээн эркин учуп жүрмөкмүн деп ойлоп калам” деп өкүнүчтүү жооп берди.

Сабак: Бул биздин маселебиз. Биз негизсиз салыштырууларды куруп алып, өзүбүздү азапка сала беребиз. Табият берген жакшылыктардын кадырына жетпейбиз. Бактысыздыгыбыздын себеби мына ушул. Жок нерсеге өкүнбөй, бар нерсеңе ыраазы болуп жашоону үйрөн. Сенин азыркы абалың да башка миллиондогон адамдар үчүн куру кыял. Сенден да бактысызыраак адамдар көп экендигин унутпа. Ээлик кылган нерселериңе ыраазы болуп жашасаң, эң бактылуу адамсың.

Талгат Деркембаев

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}