“Кайрымдуулук аркылуу биз жүрөгүбүздөгү сүйүүнү башкаларга бере алабыз”

Сайтыбыздын алгачкы маеги “Мекен жаштары” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, 2005-жылдагы “Шоро” компаниясынын менеджери, “Аруу Эл — Инвест” компаниясынын төрагасы Рустам Жунушалиев менен болду. Бул жолу адамдык касиеттер, баалуулуктар, дегеле адамдын руханий дүйнөсүнө басым жасай маек курдук. Анда сөз башынан болсун.-Саламатсызбы, Рустам мырза! Сөз башы сиз бала чактан суу ичкен тарбия булагы жөнүндө болсун, сизди тарбиялаган мөлтүр булак жөнүндө эскерип берсеңиз.

Албетте, эң биринчи тарбия берүүчү уя- үй-бүлө эмеспи, мен чоң ата-чоң эне, таята-таененин, башкача айтканда улуу муундун колунан тарбия алып чоңойдум. Андан кийинки эле тарбия очогу деп, мектепти түшүнөм. Бала чакта шогураак болгондуктан, уруш да угуп, таяк да жеп, кадимки чыт курсак балдардай эле чоңойгом.

-Жеке сиздин жетилүү курагыңыз?

Бардык эле адамдардай студенттик күндөр менен башталган. Ага чейин 9-классымдан баштап, жайында пансионаттарда иштеп, өз кийимимди өзүм табууга аракет жасачумун.

-Келечекке багыт алууда өкүнүч алып келген боштуктар болдубу?

Ар бир жашаган убакыт, ар бир мүнөт өкүнүчкө алып келбеши керек. Анткени, ойлогон максаттарыма жетпей калдым, убакытым текке кетти деп эле кейий берүү пайда алып келеринен күмөнүм бар. Болгону, жагымсыз учурлардын да позитивдүү жагын көрө билиш керек. Ийгиликке жетпей калуунун аркасында андан да ийгилик күтүп турат дешет го. Андыктан буга чейинки жашоомдо өкүнөм деп деле эч нерсени айта албайм. Өкүнөм кыла албай жаткан иштериме, өкүнөм убакыттын жетпей жатканына.

-Сезимиңизге орногон баалуулуктар кайсы?

Эң биринчиси эле — адам болуу, адам бойдон калуу. Албетте, адам деген атка татыктуу болуш үчүн, адамдык касиеттер болуш керек. Айтайын, боорукерлик, жароокерлик, чынчылдык, адамгерчиликтүүлүк сыяктуу сапаттарды мен адамдык касиеттер деп билем.

-Азыркы философторду адамдан адамдын жоголуп бараткандыгы тынчсыздандырууда. Сиздин оюңузча буга негиз барбы?

Азыр көрүп атпайбызбы, адамдын пейили, адамдык касиеттери кетип баратат. Зөөкүрлүк пайда болуп, баалуулуктар, анын ичинен үй-бүлөлүк баалуулуктар жоголууда. Ушунун баары эле адамдык факторго түздөн-түз таасир этет. Алар мына ушуну айтып жатышса керек. Туура, мен буга кошулам. Себеби, биздин ыйык туткан нерсенин баары боштукка айланып, күндөн-күнгө ыйыктыгын жоготуп бараткансыйт.

-Канткенде адам уулу адам болот?

Адам акыл менен кылган ишинин көбүнөн адашышы мүмкүн. Ал эми жүрөгү менен акылдашып иш кылса эч качан адашпайт. Анткени, бир гана жүрөк алдабастан, чындыкты даана көргөзүп берет, биз болгону ошону туюп, туура чечим кабыл алышыбыз шарт.

-Эмне үчүн биздин коомдо ак эмгек натыйжасына караганда, алдым-жуттумдук өкүм кылууда?

Бул эми мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Дегеним , адал акча табуу көп эмгекти талап кылат, а айрымдар кыйналгысы келбейт, бардыгына оңой жол менен жетүүнү самашат. Жеңил ойлуулук менен убактылуу муктаждыгын камсыз кылыш үчүн туура эмес жолдорго баргандар болот, бирок, анын арты кандай болорун көп ойлоно беришпейт.

-Айрым адамдар каруусун казык кылса да, жакырчылыктан арылбай келет, сиз билген ийгилик сыры эмнеде?

Эмгек, эмгек, анан албетте кичине сабыр керек.
Эмгектенип эле атышат го?…
Эми эмгектин да түрү бар да. Ар бир адамга жага турган нерсе бар. Мисал үчүн кээ бирөөнө бизнес жакпайт, ал башка жаатта, кызматта иштесе, ошол жагынан үзүр көрүшү мүмкүн. Айтайын дегеним, адам алгач өз жөндөмүн аныктап алыш керек. Мен кайсыл иштин майын чыгара жасайм, кайсыл иш менин колумдан келет деп. Анан ошол багыты менен аракетин көрө берсе, сөзсүз түрдө ийгилик бир күнү жарыгын чачат.

-Экономист адис катары Кыргызстандын соңку мезгилде алган багыты тууралуу оюңуз?

Мамлекетибиздин Евразия биримдигине кирип жатканы туура көрүнүш. Эгер бир жерде эле отура берсек, артта калып калабыз. Биздин экономиканын эң чоң көйгөйү – импорттун көптүгү, экспортун дээрлик аздыгы. Экспортту арттыруунун жалгыз жолу-өлкөнүн өндүрүшүн көбөйтүү. Ага инвестиция керек. Ички анан сырткы инвестиция деген бар. Биздин айрым чиновниктерди билебиз, чет жактарда канча деген завод-ишканаларды ачып, башка малекетке инвестиция кылып атышат. Ал эми ошол эле жарандарыбыз өз өлкөсүндө ички инвестициянын багытын туура буруп, чоңураак иш алып бара турган болсо, биздин өндүрүшүбүз да өнүкмөк. Айтор, реэкспорттук мамлекеттен өндүрүштүк мамлекетти көздөй багыт алышыбыз туура болот. Азыр эл грант менен инвестицияны айырмалай албай калып эле, көп акча келип жатат деп ойлошот. Гранттын да өзүнүн кемчиликтери бар. Грант- бул, кайтарымсыз берилүүчү, бир эле келе турган акча да. Ал эми инвестиция, чет мамлекеттеги акчасы бар инвестордун ошол мамлекетке салган акчасы. Муну менен ал өзүнүн пайдасын да көрөт жана биздин мамлекетке да салыгын төлөп, жумуш ордун да түзүп берип, кыскасы, өлкөбүздүн өндүрүшүн көбөйтүүгө салымын кошот, айырма ушунда. Грантты алыш үчүн мамлекет элибиз түшүнбөй жаткан көп уступкаларга барат. Бир эле мисал алалы, бүткүл дүйнөлүк банктан кредит же грант алыш үчүн, биздин саясатчыларыбыз келечекте кыргыз элине зыянын тийгизе турган кадамдарга барууда.

-Инвестиция деп калдык, интеллектуалдык инвестиция дегенди кандай түшүнөсүз?

Билимдүүлөр бар, эми ошол билимдин сапатына басым жасасак. Эволюциялык ыкмалар менен адамдардын аң сезимин өзгөртмөйүнчө жылыш болбойт. Ал үчүн бизге ылайык келген идеологияны иштеп чыгышыбыз зарыл.

-Элибиз үчүн дагы кандай иштерди кылсам деген мүдөөлөрүңүз бар?

Буга чейин өзүмдүн багытымда экономист катары мамлекеттик ишканаларда иштеп келдим. Эми азыр болсо, экономиканы көтөрөлү деп, Кыргызстанды чет өлкөгө жакшы жагынан чыгаруу менен, инвесторлорду көбүрөөк тартып келгенге аракет жасап жатабыз. Алсак, 4-5-февралда шаарыбыздагы “Парк Отелдин” имаратында “Улуу Жибек Жолу 2015” аттуу биринчи Эл аралык инвестициялык форум уюштурдук. Ага Европа мамлекеттеринен инвесторлор келип беришти. Аны менен бирге эле Кыргызстандын жер-жерлеринен ишкердик боюнча мыкты идеялары, пландары бар атуулдарыбыз да чакырылды. Аларга өз идеясын инвесторлорго өзүлөрү жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүк түзүп бердик. Инвестор менен түзмө-түз сүйлөшүп, акчаны өзүлөрү тапса, ал акчаны берекелүү анан багыттуу колдонушат деген ойдо болдук.

-А жеке өзүңүздөрдө идеялар барбы?

Азыркы тапта кайра эле инвесторлордун жардамы (Италия компаниясы жана француз жеке ишкер) менен Бишкекке таштанды завод алып келатабыз, буюрса. Борборубузда экология жаатында чечилбей келген чоң көйгөйлөр бар,бул баарыбызга эле маалым. Заводду ошол эле биздин таштанды төгүлүүчү полигондун ордуна жайгаштырабыз. Тиричилик таштандыларын кайра иштете турган бул завод Бишкек шаарынын жарымын электр энергиясы менен камсыз кыла тургудай ири көлөмдө. Ошол эле жерден битум чыгат, аны менен жолдорубузду оңдоп алсак болот, ошол эле газ, солярка чыгарылат. Ал полигон союз убагынан берип кайра иштетилбей, үстү-үстүнө көмүлүп келе берген. Бул үчүн дүйнөлүк экологиялык жана «Greenpeace» (Гринпис) сыяктуу уюмдар эртеңки күнү доо кылып, жүздөгөн миллиарддарга жыгып коюшу толук мүмкүн да. Анткени биз мындай полигондорубуз менен дүйнөлүк экологияга зыян алып келип жатабыз. Аны кайрадан иштетип чыгуу максатында жакында таштанды заводун алып келип коёбуз. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кагаздар жазылып бүттү. Өтө жакынкы аралыктарда ишке кирет деп ишенимдүү айта алам.

-Эми кызыкчылыктарыңыздан кеп салсаңыз. Жакында кайсы китепти окудуңуз, дегеле кайсы авторлорду өзгөчө баалайсыз дегендей?

Азыр “Психологиялык амортизация” деген Михаил Литвактын китебин окуп жатам. Дүйнөлүк классик авторлордон Лев Толстойду көп окуйм. Анын чыгармалары биздин жашоого көбүрөөк жакын.

-Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?

Эмии…(күлүп), убакыт болгондо чуркоого аракет кылам, мектепте окуп жүргөндө футбол менен Казакстанга чейин барып ойноп келгем. Азыр болсо, убакыттын тардыгына байланыштуу спорт менен алектене албай келем.
-Биздин сайттын ачылуусунун бирден-бир максаты адамдардын жүрөгүнө ыймандын, аруулуктун үрөнүн себүү, алардын руханий жан дүйнөсүн жашылдандыруу. Сиз да ушул жаатта көөдөнүңүздө багып жүргөн ой-тилектериңиз болсо, окурмандар менен бөлүшө кетсеңиз…
Адамдын жан дүйнөсү байымайынча, жан дүйнөсү толук тынчтыкка келмейинче ийгиликке жете албайт. Бул баягы ар бир адамдын өзүнүн изденүүсүнөн келип бир чекитке барып такалат да. Биз ички жан дүйнөбүздү исламдан таап, ошол тарапка кадам таштап кетип баратабыз да. Улуу күчтөрдү таанууда. Жогоруда токтолуп кеткен нравалык сапаттарыбызды арттырышыбыз керек. Ошол эле кайрымдуулуктар менен. Кайрымдуулук аркылуу биз жүрөгүбүздөгү сүйүүнү башкаларга бере алабыз.

-Өзүңүз кайрымдуулук иштерин кыласызбы?

Албетте, кайрымдуулук кылып турбасак болбойт. Аны айтуунун деле кажети жок, эл билсин, эл көрсүн деп кылбайбыз, андай болсо популист болуп экрандан түшпөй калмакпыз. Колубуздан келишинче жардамга муктаждарга кол сунууга аракет кылабыз.
-Атайын убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Кыргыз эли үчүн кызмат кыла беришиңизге тилектешмин!
Сиздерге да чоң рахмат! Ал эми кыргыз жергесинде тынчтык, элибизде бейкутчулук болушун каалайм.

Маектешкен:Жыпара Дөөтказы кызы

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}