Кайрымдуулук-жүрөктөрдү жумшартат

Адам жаралганы колунда барлар жана жоктор ар заманда болуп келген. Ага ылайык ар бир коомдун байлыгына жараша кайрымдуу же кайрымсыз, жокчулук абалына жараша кайраттуу же кайратсыз адамдары да иргелип келет. Биздин коомдо да кайрымдуулукту атын чыгаруу үчүн кылган көйрөңдөр жана кайрымдуу адамдардын эсебинен жашап көнгөн нысапсыздар бар. Дал ушул эки көрүнүш кайрымдуулуктун жол-жобосу тууралуу бул макалага негиз болду.

Кайрымдуулук кандай аткарылышы керек?

Кайрымдуулук – алуучуга да, берүүчүгө да пайдалуу иш. Кайрымдуулукка муктаж адам ага жеткенде адамдарга болгон таарынычы азайып, ыраазычылык абалын сезет. Ал эми кайрымдуулук кылган адам эрктүүлүк, марттык менен кылган жакшы ишинен кубат алат. Ошондуктан кайрымдуулук кылууда бирөөнөн аманат кылып берип жиберүү анча жакшы эмес. Арналган нерсе муктаж адамдын колуна толук жетүүсү жана эки тарап тең жогорудагы жакшы абалды сезүүсү, эртеңки күнгө шыктануусу үчүн бетме-бет кездешкендери жакшы.

Кайрымдуулук көбүнчө акча каражаты менен ишке ашат. Динде бул тапкан каражаттын же бар байлыктын төрттөн бир үлүшү болушу керек. Ал эми дүйнөлүк миллионерлер кайрымдуулук үчүн кирешенин 2,5 пайызын сарптоо туура болорун изилдеп, такташкан. Кызыгы, бул пайыз ислам дини көрсөткөн сумма менен дал келет.

Кайрымдуулук кылууну бүгүндөн баштап өзүңүзгө тапшырма кылып алганыңыз оң. Биринчиден, сиз башкаларга берсеңиз, Кудай сизге берет, ишениңиз. Экинчиден, «азыр жардымын, байыганда берем» деген ойдон арылып, марттыкка көнөсүз. Миллионерлер «аз акчаны башкара албаган адам көп акчага ээ боло албайт» дешет. Демек, марттыкка, берешендикке бүгүн үйрөнүп албасаңыз, кыялыңызга жеткен кезде «сараң бай» болуп каласыз.

Кайрымдуулукту кимдерге кылуу керек?

1. Тез аранын ичинде ден соолугуна оор операция кылдыруучулар. Булар жардамга эң муктаждар болуп саналат. Алар үчүн колуңузда бар каражатты ойлонбостон корото берсеңиз жаңылбайсыз.

2. Жарым же томолой жетим балдар. Жетим бала бели катып өзүн камсыздай турган куракка жеткенге чейин камкордукка муктаж. Ага кылынган кайрымдуулуктун да сообу чоң болуп саналат.
3. Майып, ишке жарамсыздар. Буту-колунан айрылган мунжу же ден соолугундагы башка маселе менен ишке жарамсыз болуп калган майыптарга кайрымдуулук кылуу туура. Алты саны аман туруп тилемчилик кылгандарга салыштырмалуу мындай адамдарда баалоо сезими күчтүү болот.

4. Кары-картаңдар. Карылыкка моюн сунуп үйдө отуруп калган ата-энелер да көңүл бурууга, жардамга муктаж. Айрыкча багар-көрөрү жок калган эне, аталарга жардам кылып бата алуу керек.

5. Эсиңизде болсун, дал ушундай абалда жашаган жакындарыңыз болсо, алардан аттап барып башкаларга кайрымдуулук кылганыңыз жакшы болбойт. Эң алды айланаңыздагы алыс-жакын тууган, кошуналарды эске алып аларга кол сунуңуз.

Кайрымдуулук ишиңиз пайдалуулугун арттырсын десеңиз:

– Колуңуздан келсе эч убакта накталай акча бербеңиз. Ал күнүмдүк көзгө көрүнбөгөн нерселерге короп кетет да, алуучуга сиздин аракетиңиз анча деле пайдалуу эместей таасир калтырат. Андыктан жетим балага бере турган болсоңуз окуу-куралын же кийимин, майыптарды тандаган болсоңуз арабасын же башка муктаждыгын сатып барып бериңиз.

– Жогорудагы эрежеге таянсак, сиздин айлык кирешеңиз анча чоң эмес сумма болсо, анын 2,5 пайызы аз гана акча болуп калат. Мындай шартта, маселен, ай сайын 350-400 сомдон тийген үлүштү улам сайын бирөөнүн колуна кармата бербей, 3 ай чогултуңуз. Жакшы эле сумма чогулат, ойдогудай көп нерсе ала аласыз.

– Эгер каражатыңыз жетиштүү болсо, сизден жардам алуучу менен кеңешип акчаны андан ары көбөйтүп иштетип кетчү жолду сунуштаңыз. Мисалы, үлүш жери болсо үрөн алып бериңиз, иштетип түшүм алып аракет кылсын. Аял киши болсо духовка алып бериңиз, нан жаап сатып тыйын тапсын. Мындай аракет менен сиз ал адамды эмгекке үйрөтүп, өз аракети менен жашоого болоруна ишендиресиз, шыктандырасыз.

– Азыр акчасын кайда чачарын билбеген байлар арбын. Эгер алардын катарында болсоңуз, кирешеңизден чоң сумманы аянбай туруп алгач жаштардын билим алуусуна, анан жалпы элге керек болгон иштерди кылууга жумшаңыз. Динде “алардын сообу сизге акыретте да жетип турат” деп айтылат. Алар:

– Жол салуу
– Көпүрө оңдоо
– Мечит салуу
– Суу чыгаруу

Есть 2 комментария
  1. НК

    Кайрымдуулук кылуу ар бирибиз үчүн адат болгой эле…

  2. Биздин максат жакырларга жардам беруу эмес,ошол жакырчылыкты жоюу болушу керек!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}