Кайырчы жасаган кайрымдуулук

Бул сүрөттөгү карыяны көптөгөн адамдар интернет булактарынан көрсө керек. Бирок, бул кары адамдын жашоосун биле бербесе керек. Бул карыянын аты Добри, Болгариянын Баилова айылынын тургуну. Азыркы тапта бул абышканын жашы 100 жаштын кырын ашып жатат. Кийинген кийими эскилиги жетип калган жана бул кийим менен кышы жайы кийинип жүрө берет.Добри Софидеги Александра Невской соборунда (храм) дайыма турат. Ал күнүгө эртең менен туруп өзүнүн Баилова айылынан 10 километр узакта жайгашкан шаарга келет. Көп жылдан бери Добри кайырчылык кылып келет. Бирок, ал кайырчылык кылып чогулткан акчасын коротпостон Болгария боюнча бардык чиркөөлөрдү оңдоп түзөтүүгө чогултат экен. Өзүнүн күнүмдүк тамак ашына, басып турганына пенсиядан алган 100 евросун гана коротот. 2010-жылы Александра Невской собору боюнча документалдык кино тартып жатканда Болгариялык бир тележурналист чиркөөнүн архивин карап жатып эң кызыктуу маалымат таап алган. Ал маалыматта Александра Невской соборунун тарыхында эң көп кайрымдуулук каражаттын суммасы 40 миң евро болгон. Мынчалык жоомарттыкты, кайрымдуулукту Болгариянын чириген байы да кылган эмес, ал кайрымдуулукту мына ушул кедей жашаган жана кайырчылыктан топтогон Добри карыя кылган экен. Добри мындан тышкары көптөгөн жардамдарды кылып келген. Мисалга алсак: балдар үйүнүн коммуналдык төлөмүн төлөп аларды жылуулуктун жана жарыктын өчүрүлүшүнөн сактап калган. Мындан тышкары үйү жокторго жардам бере алат. Добри абышканын бардык жакшылыктарын биле албайбыз, анткени ал бардыгын айта бербейт.

Кайырчы жасаган кайрымдуулук
Кайырчы жасаган кайрымдуулук
Кайырчы жасаган кайрымдуулук

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}