Күч-билимде, билим китепте

\»Окуу — түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап\»-деп улуу ойчул Жусуп Баласагын өзүнүн \»Кут алчу билим\» чыгармасына жазып калтырган экен. Төмөндө, илим-билим тууралуу макал-ылакап, накыл сөздөр.Билим алуу-ийне менен кудук казгандай.

Окубаган бир бала, окуса эки бала.

Окуу-билим азыгы,
Билим-ырыс казыгы.

Билим башы-мээнет.

Билимдүүгө дүйнө жарык,
Билимсиздин күнү карып.

Көзү жок, кулагы соонун,
Акылы толот.
Кулагы жок, көзү соонун,
Акылы соолот.

Жердин көркү-эгин,
Эрдин көркү-билим

Билим – ырыстын тизгини.

Өнөр-агып жаткан булак,
Илим-жанып турган чырак.

Билимдүү өлсө,
Кагазда аты калат.
Уста өлсө,
Иштеген заты калат.

Китеп-алтын казына.

Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.

Тилиң менен жүгүрбө, билимиң менен жүгүр.

Илим-деңиз, билим- кайык.

Алтын алба, билим ал.

Жети элдин тилин бил,
Жети түрдүү билим бил.

Китеп, илим-тилсиз мугалим.

Билегиңе ишенбе, билимиңе ишен.

Экпей эгин чыкпас,
Үйрөнбөй билим жукпас.

Билим оошот,
Ырыс жугушат.

Билимдүү таап айтат,
Билимсиз каап айтат.

Билбегениңди кишиден сура,
Улуу жок болсо кичиден сура.

Акыл-дарыя,
Ой-деңиз.

Күч-билимде, билим китепте.

Билим каухар-баасы жок
Наадандык кесел-дабасы жок.

Түшкө чейинки өмүрүң болсо,
Кечке чейинки билим жый.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}