Кечикпейм десеңиз бул эрежелерге кулак салыңыз

Пунктуалдуу адамдар ар дайым ийгилик ээлери болушат. Себиби, ар бир нерсенин өз убагы жана учуру менен аткарылуусу иштин натыйжасын жакшыртат.

Эмнеге кечигебиз?

Айрым психологдордун айтымына караганда бүгүнкү кечигүүгө кечээки күн себеп болот. Анткени, кечээ кечинде өз убагында уктаган эмессиз, анын айынан бүгүн эртең менен кечирээк ойгондуңуз жана жумушка кеч келдиңиз. Анан албетте жүктөлгөн милдеттерди өз убагынан кеч аткардыңыз.
Ар дайым кечигип жүрүү акырындык менен стресске жана депрессияга жеткирет, бул өз кезегинде ишиңиздин артка кетүүсүнө себеп болушу мүмкүн, андыктан мындан арылуу керек, «кантип» десеңиз бул кеңештер сиз үчүн?
Кечигүүнүн алдын алуу боюнча айрым кеңештер:

* Эң биринчи, убакыт сиз үчүн эмнеге керек, аныктап алыңыз. Кимдир бирөө үчүн убакыт акча табууга, дагы бирөөгө билим алууга, башка бирөөгө эс алууга, айтор ар кимге ар кандай максатта керек. Дыкат изилдеп көрүңүз… Эгер чыныгы жоопту тапсаңыз убакыттын баасы сиз үчүн анык болот.

* Жогорудагы суроого жооп тапкан соң күндөлүк ачыңыз. Ал жашооңузду бир топ жеңилдетип, көптөгөн баш ооруткан иштерден арылтып, убактыңызды үнөмдөөгө жардам берет. Күн сайын кечинде эртең аткара турган пландарды жазыңыз. Мүмкүнчүлүк болсо ар бирин убакыт — сааты менен жазган дурус.

* Бардык иштериңизди жарым саатка эрте белгилеп аткарганга аракет жасаңыз. Маселен, эртең менен саат 4:45те ойгонуу керек болсо сиз 4:20да туруп, жумушка 9:00гө эмес 8:30га келиңиз. Албетте так 8:30 болбосо да 9:00гө чукулдап келип каласыз.

* Кырдаалды жана үй-бүлө мүчөлөрүн күнөөлөгөндү токтотуңуз. Жолдогу унаа тыгыны же үй-бүлө мүчөлөрүнүн узакка ванна колдонуусуна ачууланбаңыз. Андыктан бардык нерсени жогорудагы ыкманы колдонуп жарым саатка эрте баштаңыз. Иш арасында иш бүтүргөнгө аракет жасаңыз. Маселен, ванна бош эмеспи, күтүп отурбай ваннадан кийин эмне кылууңуз керек эле, ошол ишти даярдай бериңиз.

* Кечинде уктаар алдында өткөн күнгө сарасеп салыңыз. Кайда кечигип, кай жакка өз убагында бардыңыз жана эмне иштерди аткардыңыз, баарын көз алдыңыздан өткөрүп, кемчиликтерди башка кайталабоого убада берип, сизди ким капа кылса аны кечирип, сиз капа кылган адамдардын сизди да кечирүүсүн өтүнүңүз.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}