Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени

Кёкенхоф-Eвропадагы эң таанымал саябан. Аталган жай ааламга атыр жыттуу гулдөрү жана айтып бүткүс сулуулугу менен таанымал. Бул сулуулукту көрүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан жыл сайын миңдеген саякатчылар келишет.

Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
Кёкенхоф саябаны Нидерландынын эң күнөстүү жери болгон, Аммтердамдын түштүк-чыгышы менен Харлемндин оң түштүгүнө жакын жайгашкан Лиссе шаарынын жанында орун алган. Саябанга жер шарынан жылына 90 миңге жакын саякатчы келет.
Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
Бул жайды “Ханайым бакчасы” деп да атап коюшат.
Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
“Ханайым бакчасы” жалпысынан 32 гектар аймакты өз кучагына алат. Жөө жүргүнчүлөргө арналган 15 чакырым жолдун эки чети ар түрлүү, көз жоосун алган көркөм гүлдөр менен кооздолгон. Жыл сайын 7 миллиондон ашуун гүл уруктары себилет. Орто эсеп менен алганда жоогазын гүлүнүн эле 100гө жакын түрүнөн, 4,5 миллион түп гүл уругу себилет, аны менен катар эле гиацинт, нарцис жана башка да гүл уруктары себилет.
Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
ХІХ кылымда барон жана баронесса Ван Палландтта (Van Pallandt) англиялык стильде бакчанын айланасын суу менен курчап чыгуу тууралуу чечимге келет . Аталган жобонун авторлору Ян Дэвид Зохер менен анын уулу Луи Пол, мындан мурун да Амстердамдагы Вонделпарктын архитектуралык чиймесин ойгдогудай иштеп чыгышкан экен.
Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
Ачылыш аземи 1949-жылы болгон.
Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
Нидерланды, гүл экспорттоо боюнча дүйнө мамлекеттеринин арасында сап башында турган өлкөлөрдүн бири. Кооз гүлдөрдун мекени деп атасак да болот.

Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
Саябандын ичинде майда-майда бир нече гүл бакчалар бар. Мисалы: тарыхий, музыка, табигат, жапон стилинде жасалгаланган кичи бакчалар. Тарыхий гүл бакча англиялык стилде жасалгаланган. Музыка гүл бакчасында, музуканын коштоосунда гүлдөрдүн сулуулугуна суктана аласыз. Табигат гүл бакчасында токойдун аралап дарактар менен гүлдөрдүн айкалышкан сулуулугун байкайсыз. Жапон бакчасында баардыгы жапон маданиятын элестетет.
Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
Жөө жүргүнчүлөргө арналган жолдо чыныгы чыгармачылыкты көрүүгө болот.
Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
Саябан аймагында эс алуучулар үчүн атайын оюн аянтчалары, китеп дүкөндөрү, шайтан араба ижарага алып кыдыруу, керек болсо суу үстүндө кайык менен сүзүп жүрүп табияттын сулуулугун тамашалай аласыз.
Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
Кёкенхоф саябаны 20-марттан 20-майга чейин ачык болот.Ушул убакта күн сайын 8:00 ден 19:30 га чейин эс алуучуларды кабыл алат. Майрам жана дем алыш күндөрү да.
Кёкенхоф, гүлдөрдүн мекени
Кудай буюруп келечекте саякат сапарыңыз Голландияга багытталса, табияттын бул сулуулугун көрө келүүнү эстен чыгарбаңыз.
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}