Кемчилик баарында бар…

Көл жээгинде Койчубек аттуу бир чоң ата жашайт. Ал дайыма көлдөн үйүнө эки чака менен суу ташыйт. Бирөөсү эскирип, оюлуп калган, ал эми экинчиси жапжаңы, бүтүн бойдон. Күнүгө эки чакасын үйүнө көтөрүп келе жатканда эскирип калган чакасынын тешигинен суу агып, үйүнө жеткиче түгөнүп калат. Койчубек чоң атанын минтип эки чакасы менен көлдөн суу ташып жүргөнүнө эки жылдан ашыптыр. Бирок негедир эки жыл өтсө дагы оюлуп калган чакасын бүтөп койбоптур. Бир күнү адаттагыдай эле ал көлдөн эки чакасына суу алып келет. Чакаларын үйүнүн босогосуна коюп, бакчаны көздөй басып кетет. Эскирген чаканын тешигинен суулар агып, түгөнүп калган. Ал эми анын жанындагы бүтүн чака, тешик чаканы теңине албай, ага мындай дейт: “Эй оюлуп калган эски чака. Карачы, мен чоң атанын эң керектүү жана сүйүктүү чакасы болом. Мен анын бардык кызматтарын аткарам. Күндө көлдөн суу алып келгенде менден суулар акпай, төгүлүп-чачылбай келет. А сенчи? Эскирип, тешик жериңен суулар агып, үйгө жеткиче суунун баарын түгөтөсүң”.Муну уккан эски чака ушунчалык уялып, өзүн-өзү жек көрүп, жаман болуп калат. Өзүн керексиз сезет. Анан Койчубек чоң ата үйүнө кирген кезде эскирип калган чака катуу кайгырып, ичиндеги дартын ага айтат: “Улуу, урматтуу Койчубек чоң ата. Мени кечир, сиздин кызматыңызга толук жараган жокмун. Күн сайын суу ташып келе жатканыңда тешигимен суулар агып, үйгө жеткиче суум түгөнүп калат. Мен сизге керексиз чака болуп калдым. Менин сизге пайдам деле тийген жок. Сиздин алдыңызда аябай уялып турам.”

Муну угары менен Койчубек чоң ата аны көтөрүп, үйүнүн алдындагы кооз багына алып келип, мындай дейт: “Менин кадырлуу, баалуу жана эң эле керектүү чакам. Карачы, бул бакчанын оң тарабындагы түркүн-түстүү, жыпар-жыттуу, эң бир кооз гүлдөрдү. Мен бул гүлдөрдү көрүп эс алып, ырахат алам. Жашоомо ыраазы болуп, өзүмдү абдан бактылуу сезем. Эгер билсең бул кооз гүлдөр сенин эмгегиң менен гүлдөп отурат. Күн сайын көлдөн суу ташып келе жатканда, мен отур гузуп койгон гүлдөрдүн баарын бирин калтырбай, тамчылап аккан сууң менен сугарып келесиң. Ал эми сол тарабыңды карачы, бир да гүл жок, жашыл гана чөп. Анткени жаңы жана бүтүн чака болгону сууну толук бойдон үйгө алып келген гана кызматты аткарат. А сен булл оюлган көзүң менен бакчамды гүлдөтүп, кооздукка бөлөдүң. Билип кой көзү оюк чакам, бул ааламда бүт жандыктын кемчиликтери, алсыз жактары бар. Жашоодогу чындык, бул биздин алсыз тарабыбыздын артында дагы эң пайдалуу жана керектүү нерселер катылып жатканына көңүл бурбаганыбызда. Андыктан сен көп кабатыр болбо, уялба. Сен оюк жана эски болгонуң менен мага көп жардамыңды тийгиздиң! Мен сага абдан ыраазымын, ыракмат сага көзү оюк, эски чака”. Эски чака көзүнө жаш алып ыйлап, чоң атага ыраазы болуп, эски болгону менен көп пайдасы тийгенине кайыл болот. Андыктан өзүңөр бул дүйнөдө абдан баалуу, керектүү жана пайдалуу инсан экендигиңерди билип жүргүлө жана көп кишилерге жакшы сапатыңарды көрсөткүлө! Бирөөлөрдүн кемчилигин көрсөңөр кемсинтпегиле! Артыкчылыгыңар менен мактанбагыла. Ар бир нерсенин кадырын билгиле!

Гүлзада Таалайбек кызы
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}