Кемчиликтин жакшы жагын көрө билүү

Кайсы бир өлкөдө ак эмгеги жана маңдай тери менен үй-бүлөсүн баккан карапайым адам жашаптыр. Анын кызматы күнүгө падыша сарайына суу ташуу эле. Кызматы өтө жөнөкөй болгон сыяктуу эле адам дагы ошондой жөнөкөй болчу.Ал барга каниет кылып, жокко чөкпөй күн кечирчү. Дайыма көтөрүңкү көңүл менен маңдайы жаркырап, айланасындагыларга жагымдуу маанай тартуулоону адатка айландырып алган эле. Күнүгө падыша сарайына, эки ийинине баканга илинген чакалар менен суу жеткизчү. Бирок, чакалардын бирөөсү жарака эле.

Бутүн чака сууну толугу менен жеткизсе, ал эми жарака чака толтурулган идиштеги суунун жарымын гана жеткизчү. Бул нерсе көпкө уланып, кызматчы ар сапарында сарайга бир жарым чака гана сууну алып келчү болду. Бүтүн чака кызматын так аткаргандыгы үчүн сыймыктанып, мактануу сезими менен күн өткөрсө, жарака чака бул кемчилигинин айынан дайыма башын жерге салып жүрчү болот. Бул абалга чыдай албаган , жарака чака адамга:

-Сенден кечирим сурагым келип жатат?-дейт.
Анда адам: “Эмнеликтен?”

Чака:
-Айлар бою капталымдагы жаракадан улам, кызматымдын болгону жарымын аткарып келем.Сен менин кемчилгимдин кесепетинен эмгегиңдин толук каршылыгын ала албай жатасың.-дейт.

-Өзүңдү күнөөлөбө. Айтарым, сарайга кайтып бара жаткан кезде жол боюндагы гүлдөргө көз сал! — дейт адам.
Чака айткан сөздү эч этибарга албай эле, жээктеги гүлдөрдү карап өтөт. Бирок, көз жоосун алган татына гүлдөрдүн өзүн ташып келе жаткан жол жээкте өсөөрүн биле бербейт.

Сарайга келип дагы сууну кем алып келгендиги үчүн өзүн жемелеп, дүйнөсү тарыйт. Муну көргөн кожоюну чакага:

-Көрдүңбү, жээктеги ыргалган гүлдөрдүн сени алып келген тарапта өскөндүгүн? Кемчилигиңди билгендигимден улам ал жерге гүл өстүрүүнү туура көргөм… Билесиңби, көз уялткан ал гүлдөргө , жашоо берген-бул сенин капталыңдагы жарака…! Мен ал гүлдөр менен ар таңда падышанын дасторконунун көркүнө көрк кошом. Эгер сенин кемчилиң болбогондо ал гүлдөр өспөйт эле, падыша да мынчалык сулуулукта жашабайт эле.- дептир.

Жашоодо кемчиликсиз эч нерсе болбойт тура. Мунун анык далили да калк арасындагы “Бири кем дүнүйө” деген өзөктүү кеп эмеспи. Көптөгөн адамдар кемчиликсиз дос күтүүнү самашат. Болбосо, кемчиликсиз дос издеген доссуз кала турганы айдан ачык. Болгону маселе ошол кемчиликтердин жаман гана жактарын эмес, жакшы тарабын да көрө билүүдө. Ал эми кемчиликсиз зат бир гана Жараткан экенин унутпагайлы ардактуу окурман…

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}