Ким кыйын?

Күн менен Шамал бири-бири менен мен күчтүүмүн деп талаша кетишет. Шамал, күчтүү экенимди азыр эле көрсөтөм дейт. Аңгыча алдыларынан улгайып калган кишини көрүп, мына ушул кишинин үстүндөгү пальтону ким эрте чечсе ошол күчтүү болот дейт. Мелдешке макул болгон күн булуттун аркасына жашынат. Шамал болгон күчү менен бир оңго, бир солго кишинин пальтосун жулкулдатат.Бирок, киши канчалык катуу шамал болсо, ошончо кымтыланып, шамалга мүмкүнчүлүк бербейт. Акыры шамал үмүт үзүп, токтоп калат. Мөөнөтүн күткөн күн булуттун аркасынан чыга келет. Көп өтпөй, кишиге жаркыраган жүзүн көргөзүп жылуулугу менен ороп алат. Адам да жооп катары пальтосун бат эле чечип мойнуна илет. Жеңишке жеткен күн шамалга карап, достук менен жылуулук ар дайым бирге жүрөт деген экен.

Жеңишти жамандык менен эмес, жакшылык менен камсыздоо жеңил болот.
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}