Китеп окуу стресстен арылтат

Англис илимпоздору адам китеп окуган кезде стресстен тез арыла турганын далилдеди. Китеп окуу стресстен арылуунун башка ыкмаларына салыштырмалуу алда канча натыйжалуу деп табылдыИзилдөөгө өз эрки менен катышкан адамдардын арасында, көпчүлүгүнүн, китептин эки бетин окугандан соң кадимкидей кан басымы калыбына келип, булчуң эттери бошоңдоп, дене боюнда башка да оң өзгөрүштөр байкалганы аныкталган. Илимпоздор жүргүзгөн изилдөөгө катышып, күнүнө эки беттен китеп окугандарда да жогорудагыдай эле кан басымы күнү бою бир калыпта кармалып, жүрөгү бир калыпта согуп, нерв түйүнчөлөрү калыбына келгени байкалган. Ал эми изилдөөнүн соңку натыйжасына ылайык күндө китеп окугандар арасында стресс 68 пайызга төмөндөгөн.

Британдык изилдөөчүлөр стресс менен күрөшүүдө китеп окуудан башка да, классикалык музыка угуу, жай отуруп чай ичүү да жардам берерин аныкташкан. Бирок бул ыкмалардын таасири, китеп окууга караганда төмөн көрсөткүчтү көрсөтөт.

Илимпоздор, стресстен арылуу адамдын кандай китеп окугандыгына байланыштуу эмес экендигин да айтышты. Көңүл чөгүүдөн арылуунун башкы фактору автор чыгармасына жан дилин коюп жазуусу керек. Китеп, мейли тарыхый роман болсун, мейли детектив болсун, мейли ал китепте трагедия камтылсын. Башкысы окурманга жаксын, окурман китептеги окуя менен, каармандар менен жашасын. Ошонда гана адамга таасир этет, окурман да, жазуучу да өз максатына жеткен болот.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}