Китеп сүйүүчүлөр үчүн кызыктар

Китеп — билим булагы. Дүйнөнү жаңырткан да китеп. Адамдын ким экендигин анын кызыккан китебинен байкоого болот. Азыркы маалымат технологиясы ыкчам өнүккөн доордо китеп сүйүүчүлөр анчалык көп эмес. Бирок, баары бир китеп ышкыбоздору бар жана чыныгы китеп сүйүүчүлөргө кичине азыраак кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

  • Агата Кристи – дүйнөдөгү эң таанымал жазуучу. Анын өзгөчө детективдери дүйнөнүн 44 тилине которулуп, жалпы нускасы эки миллиардга жетүүдө.

  • Азыркы учурда китеп сатып алуучулардын көпчүлүгү 45 жаштан өйдө. Дале ушул жаштагылар китептердин дүйнөлүк сатышынын 50%ын алышууда.

  • Эң көп жазылган чыгармалары боюнча биринчи орунда Лопе де Вега турат. Испаниялык драматург өмүр бою 1800 пьеса жазган.

  • Китеп сатып алуу боюнча лидерликте аялдар алгачкы позицияда турат. Алар китептердин 68%ын сатып алып, эркектерди артка калтырууда.

  • Балким бул таң калыштуу сезилет. Бирок, дүйнөдө библиоклептомания деген оору бар. Бул оору менен ооругандарга китеп уурдоо жагат. Стивен Блумберг – эң атактуу библиоклептоман. Ал бүт өмүру боюнча 268 китепканада 23 миң сейрек кездешүүчү китеп уурдаган. Анын уурдаган китептери 20 миллион долларга бааланууда.

  • Атактуу инсандардын өмүр баянында өзүнүн рекордсмендери бар. Эң көп узун жазылган өмүр баяны Уинстон Черчиллге тийешелүү, анын узундугу 22 томго жазылган.

  • Ал эми салмагы боюнча биринчи орунда географиялык атлас турат. Ал британиянын музейинде сакталуу. Салмагы 320 килограмм, бийиктиги 1 метрге жетет.

  • Бир жумада китеп сүйүүчүлөр 6,5 сааттан китеп окушат. Көпчүлүк окурмандар 18 бет окугандан кийин китепке болгон кызыкчылыгын жоготот.

  • Мыкты роман жазуу үчүн авторго 475 саат керектелет.

  • Дүйнөдөгү эң чоң китеп -Куран китеби. Китептин баасы 1,5 миллион еврого бааланууда. Адистердин айтымында, китеп атайын кагазга басылып 632 барактан турат. Бийиктиги 2 метр, туурасы-1,5 метр, калыңдыгы — 25 сантиметр жана салмагы 800 килограмм.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}