Көнүмүш адат

Окумуштуу Томас Кук Атлантика океанынын бир жеринде, миллиондогон куштардын кулак үшүн алган кыйкырыктарын изилдей баштайт. Ал жерге келсе, көпчүлүк куштар канаттары талып, океанга өздөрүн тыштап жатканын көрөт. Сууга түшкөндөрдүн көпчүлүгү тажрыйбалуу жана картаң куштар болот. Бул көрүнүшкө таңыркаган окумуштуу океандын ошол бөлүгүн изилдей баштайт. Мындай көрүнүшкө, ошол аймактагы балыкчылар да таң калышчу.Куш таануучулар да бул куштардына эмне себептен өздөрүн өлүмгө тыштап жатканынын себебин таба албай жатышкан эле. Бир нече жылдык иштердин жыйынтыгында чындык ортого чыга баштайт. Куштардын трагедиялуу окуясы болгон жерде, мындан бир нече жыл мурун арал болгон экен. Көчүп жүргөн куштар, бул аралга эс алып, андан ары жолун улачу экен. Мындан беш жыл мурун катуу жер титирөөнүн натыйжасында, арал суу астында калып кетет. Бул арал куштар эс ала турган бирден-бир кургактык болгондуктан, жүздөгөн жылдар бою бул жерге тыныгып өтүшчү экен. Арал суу астында калгандыктан, куштардын канаттары таалып, суу болгонуна карабай өздөрүн өлүмгө таштап калган экен.

Адамдар бир убакта туура деп билген түшүнүктөр, азыркы учурга дал келбесе да талашуудан тажабайт. Ошондуктан, реалдуу окуяга өзүнчө баа берүү керек. Көнүмуш адат катары эмес.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}