Коңгуроонун бешинчи дабышы

Илгерки заманда бир хандыкта падышанын мыйзамын казылар жөнгө салып турган.Ал хандыктагы жөрөлгө боюнча карапайым эл өлгөндө, шаардын борборундагы чоң коңгуроо бир жолу кагылып, дабышы асманда узак убакыт жаңырчу. Бай-манап өлгөн болсо,коңгуроо эки жолу кагылчу.Ал эми бийлик өкүлү өлгөн учурда, үч жолу катары менен кагылып турчу.Эгер өлкөнүн падышасы өлгөн болсо, коңгуроо төрт жолу кайра-кайра кагылып, хандыктын булуң-бурчуна чейин дабышынын жаңырыгы угулчу.Бир күнү шаарда жагымсыз окуя болуп, бул ишти сот карап чыгат.Бул соттук иште айыпталып жаткан кишинин күнөөсүз экенин айланадагы бардык кишилер билишчү. Бүт баары анын акталып чыгышын күтүп турган кезде, казы аны акчалай жазага жыгат. Мекемедеги эл таркаган маалда, арадан убакыт өтүп өтпөй борбордогу коңгуроонун үнү угулат. Адамдар “ким өлдү экен”–деп таң калышат. Жаңырык таркай электе, аркасынан дагы бир дабыш чыгат. Эл үн чыккан жакка карап бай-манаптардын арасынан кимдин өлгөнүн сураштырып башташат. Заматта коңгуроонун үчүнчү жолу кагылышын уккан эл аң-таң болуп “кайсыл бийлик өкүлү өлдү?”-деп сурамжылоосун улантышат.Үчүнчү дабыш асманда тунжурап, жаңырып жаткан кезде, капыстан төртүнчү коңгуроо дабышы созолонот. Тынчсызданган эл “падышабызды жоготтук”-деп ыйламсырап, сарайды көздөй чуркап баратканда, коңгуроонун бешинчи дабышы адамдарды нес кыла коет. Хандыкта мурда бир да жолу беш жолу коңгуроо кагылганына күбө болбогон эл, ал жайгашкан мунаранын айланасына топтолуша калышат. Бул бешинчи дабыштын кандай мааниде экенин билүү үчүн, коңгуроо кызматкеринин түшүндүрмөсүн күтүпжаткандар, мунаранын эшигинен жанакы айыпсыз жерден акча жазасына кабылган кишинин чыкканын көрүшүп “Бешинчи дабыштын мааниси эмне? Падышадан да жогору турган киши өлдүбү?”-дешип кызыгуу менен сурашканда, “Ооба”-деп жооп кайтарат. “Адилеттүүлүк өлдү.Сабыр кылыңыздар”-деп айткан экен.

Которгон : Гүлзирек Үсөнова

 

Есть 1 комментарий
  1. Адилет

    Сиздерге Аллах ыраазы болсун!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}