Кол алышуу аркылуу баарын билсе болот

Психологдор адамдын кулк-мүнөзүн майда-чүйдө деталдарына чейин аныктоого тырышууда. Америкалык психолог Элен Кеш муну адамдын саламдашуу учурундагы кол алышууда аныктоого аракет жасап көргөн. Бул үчүн ал, эки жыл бою изилдөө жүргүзгөн.

Колдун сөөктөрүн кытырата кысуу

Күчүңүз билегиңизге толуп, аны эмнеден чыгарарыңызды билбей тургандыктан саламдашкан таанышыңыздын колунун сөөктөрү кытыраганча кыстыңыз дейлик. Бул сиздин жоопкерчиликти өз моюнуңузга ала билүүңүздөн кабар берет жана табиятыңыздан лидер, көч башы боло билген инсан экениңизди көрсөткөн белги.

Колду катуу кысуу

Сиздин кол кысууңуз катуу да эмес, жумшак да эмес. Ариптешиңиздин көзүнө тике карап, колун катуу кысып саламдашууңуз, сиздин ачык мүнөз, кез келген адам менен аңгеме дүкөн кура билген ачык айрым адам экениңизден кабар берет. Кандай гана кыйынчылык учур болбосун ар бир адамга жардам колун сунган өткүрлүгүңүз ушундан байкалат.

Колду бош кысуу

Бул сиздин ар бир нерсеге кандай болсо ошондой карарыңызды билдирет. Сиз, өмүр тек кыйындыктардан турбайт, кандай гана кыйынчылык болбосун аягын ийгилик коштойт деп ишенесиз.

Эки колдоп кол алушуу

Бул сиздин ак көңүлдүгүңүздү, достукка адалдыгыңызды, башкага көмөктөшүүгө ар дайым даяр экениңизди, бирөөнүн жакшылыгына, кубаныч-кайгысына ортоктош боло билген касиетке ээ экениңизди кабарлайт.

Узак убакытка кол кысуу

Эгер сиз таанышыңыздын колун узак убакытка кысып амандашсаңыз, бул сиздин башкалар менен оңой тил табыша билген касиетке ээ экениңизди жана сезимтал, дос жандуу адам экениңизди айгинелейт.

Манжалардын учу менен саламдашуу

Эгерде сиз досторуңуз менен учурашууда колуңуздун учун эле сунуп саламдашканыңыз, сиздин назик, ар бир окуяны жүрөгү менен сезген ак көңүл экениңизди далилдейт. Сиз башкаларды өзүңүздөн да артык көрөсүз. Сиздин жүрөгүңүз кең, сиз акыркы сындырым наныңызды да башка менен бөлүшүп жеген боорукерсиз.

Колду силкип саламдашуу

Бирөө менен учурашкан учурда колун силкип учурашканыңыз, журттун баарына бирдей караган ак пейилдигиңизди билдирет. Сиз, өмүрлүк тажрыйба, эрк, жигерге бай адамсыз. Анан да кайраттуусуз.

[center]Эч качан, эч ким менен кол алышып саламдашпасаңыз

[/center]
Анда сиз, уялчаак, тартынчаак, көпчүлүккө аралаша бербеген, тил табыша албаган, түнт адамсыз. Сиз, оңой менен дос таба албайсыз, бирок чыныгы дос болуп бере аласыз.

Инсан

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}