Компьютердин алдында кантип отуруу керек?

Азыркы заманда жумушта компьютер алдында көп отурууга туура келет. Үйгө келгенде да компьютер алдында көпкө отургандар аз эмес. Ушуга байланыштуу адам компьютер алдында туура эмес отурса бат чарчап, омуртка, көз ооруулары пайда болушу же күчөшү мүмкүн.Төмөндө компьютер алдында отуруунун эрежелери берилген:
1. Башыңарды түз кармагыла;

2. Ийниңерди бош койгула;

3. Аркаңар түз болсун, бир аз жөлөнүп отургула;

4. Көзүңөр экранга түз же бир аз өйдөдөн ылдый карагандай болсун;

5. Алаканыңар менен билегиңер бир сызыкта болуп, денеңерге карата тик бурчту (90 градусту) түзүшү керек;

6. Таманынар полдон бир аз көтөрүлүп турганы оң. Бутуңардын алдына бийиктиги анчалык эмес таканчык коюп алгыла;

7. Монитор көзүңөрдүн деңгээлинде 40-75 см аралыкта болушу керек;

8. Отургучтун бийиктиги 38-55 см болушу зарыл. Отургуч катары бийиктигин өзгөртүүгө мүмкүн болгон креслону колдонгон туура болот;

9. Монитор турган столдун бийиктиги 72-75 см болсун.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}