Компьютердин организмге тийгизген зыяны

Азыркы замандын талабына ылайык, бардык иштер компьютердин жардамы менен ишке ашып калды. Антип ишибизди бүтүрүп жаткан маалда компьютер биздин ден соолугубузду байкатпай талкалап коёрун үстүртөн билгенибиз менен терең маани бере бербейбиз. Ушундан улам компьютер ден соолукка кандай терс таасир эте турганын жана анын кантип алдын алууга болору тууралуу маалымат беребиз.

Нерв системалары

Компьютер менен иштөө интеллектуалдык эмгекти талап кылат. Интеллектуалдык мээнетти талап кылган иште нерв системаларына, өзгөчө мээге ар дайым күч келип турат. Жыйынтыгында кулак чуулдап, баш айланып, жүрөк айланып куску келген абал пайда болуп, нерв системаларынын иши бузулат. Компьютерде көп отурган адамдар бат-баттан маалымат алып тургандыктан бат чарчашат жана кандай гана иш болбосун, ага реакция кылбай жана көңүл буруу жагынан аксап калат. Жыйынтыгында адамдагы чарчоо өнөкөткө айланып кетет. Компьютер аркылуу алынган жаңылыктар көбөйүп кеткенде адам катуу ойлонуунун кесепетинен стресске жана психикалык ооруларга кабылат. Мындан тышкары жүрөк-кан тамыр, гастрит, ашказандын жарасы, простатит жана он эки эли ичегинин ар кандай ооруларына алып келет.

Көз

Эртели-кеч компьютердин мониторун тиктеп отуруу көзгө жана анын көрүшүнө терс таасирин берет. Экрандагы өңдөрдөн, андагы барактардын улам ачылып-жабылышынан улам көздүн кареги кичирейип, чоңоюп, жыйынтыгында дайыма көзгө күч келип турат. Билинбегени менен компьютер көздүн жаш ага турган калтачасын кургатып жиберет. Негизи көздө нымдуулукту кармап туруу үчүн көз мүнөтүнө 20 жолу ирмелиши керек. Ирмеп туруунун натыйжасында көздүн каректери нымдалып, суюктук аркылуу тазаланып турат. Ал эми компьютерде көп отурган учурда көздү ирмөө 3 эсеге азаят. Мындан улам көздүн сыртындагы катмар кургай баштайт да, кургак көз оорусуна чалдыгат. Каректин кургап баратканын көздүн кычыктары кызарып, тамырлары көрүнө түшкөнүнөн билсе болот. Экран алдында мониторду көпкө тиктеп олтуруу миопия (жакынды жана алысты көрүүнүн начарлашы) жана глаукома сыяктуу ооруларга алып келет.

Кол

Узак убакыт компьютерде олтурганда билек, манжалар жана ийин да жабыр тартат. Компьютердин клавиатурасы менен активдүү иштөө колго күч келтирет. Манжалардын башынын сезимталдуулугу начарлап, жансызданат. Мындай абал күн сайын кайталана берсе, колдун нерви, муундары жабыркап, колдун булчуңдары гипотрофияга (булчуңдардын өлчөмүнүн кичирейиши) учурайт жана билек менен ийиндин тарамыштары тартышып ооруйт.

Омуртка

Компьютерде узакка олтургандын дагы бир терс жагы омурткалар кыйшайып, бой түз кармалбай калат. Бойду түз алып жүрбөгөндүн жыйынтыгында арка омурткалардын ортосундагы диск сыгылып адам грыжа, айрым учурда радикулит оорусуна чалдыгат. Мындан тышкары дайыма бир орундан жылбай отуруу ичте майдын топтолушун жаратат. Анткени ашыкча энергия майга айланат Ал эми ашыкча салмак кант диабети баш болгон бир топ ооруларга жеткирет.

Тери

Компьютерден чыккан нурдануу адамдын жүзүнө да терс таасир этет. Ошол себептен улам жүзүбүзгө жана көзүбүздүн алдына бырыш түшүп, жыйынтыгында бетибиз, көздөрүбүз шишимик тартып калат. Бетке тез арада бырыш түшпөөсү үчүн атайын бетке жана моюн булчуңдарына жасала турган көнүгүүлөрдү жасап турганыңыз оң.

Көтөн чучук оорулары

Статистика боюнча геморрой оорусу менен ооругандардын көпчүлүгүн бир ордунан жылбай олтуруп иштегендер түзөт. Адам компьютерге көпкө олтурган маалда кыймылсыз болгондуктан арка сөөк, омурткаларында кан айлануу циркуляциясы жайлап, жакшы жүрбөй калат. Натыйжада кан тамырлар кеңейип акырындап олтуруп геморрой оорусуна алып келиши ыктымал.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}