Компьютердин зыяны жана колдонуу эрежеси

Компьютердин биринчи зыяны көздү талкалаганында. Күнү бою компьютердин маңдайында отурган адам башкаларга караганда он жыл эрте карылыкка моюн сунат. Бирок мунсуз жашообузду элестетүү да кыйын. Азыр ар бир экинчи адамдын жумушу компьютердин байланыштуу. Анын зыянын жок кыла албасак да айрым эрежелерди залакасын азайтууга, өмүрүбүздү узартууга мүмкүн.Компьютер — биринчи кезекте көздүн душманы

Көздү \»майы\» түгөнүп, кургатып кетип жатканына электр-магниттик нурлануу себепкер. Тынымсыз компьютерден көзүн албай отургандардын дээрлик баары ушул дарттан жапа чегишет. Көздүн кургаганы күч келтирип кандын уюшуна шарт түзөт. Көздөн өтүп мээге \»чабуул\» кылганга маш. Электр –статикалык талаа менен электр-магниттик нурлануу жумуш күндүн аяк ченинде баш ооруга, чарчап алсыроого, уйкунун бузулушуна стресске алып келет. Дайым орундан жылбай отурган остехндрозго (муундардын бузулушуна) алып келет. Жамбашта кандын жакшы айланбаганы, кандын уюп калганы, тамырларга күч келгени геморрой оорусунун башаты. Манжалар компьютердин клавиатурасын тынымсыз баскылап дайым кыймылда болот. Бара-бара манжалардын башынын сезүүсү начарлайт. Бул болсо колдун нерви жабыркап, сезгенүүсүнө алып келет. Манжанын башына ийне сайса да сезбегидей абалга жеткириши мүмкүн. Дагы бир эң жөнөкөй зыяны, ашыкча салмактын топтолушу. Бир орундан жылбай отура берүү адегенде ичтеги майдын топтолушуна алып келет. Күчтүү тамак энергия берет, энергия майга айланат. Нормадан ашык толу адамды канти диабетине чейин жеткирет. Бир калыпта ээкти бир аз ылдай түшүрүп отуруу ээктин салаңдашына алып келет.

Аталган оорулар катардагы адамдарга тиешелүү. Ал эми кош бойлуу жана жаш балдар бул ооруну өзүнө эки эсе бат түптөйт. Андыктан эреже боюнча эгер аябай зарылчылык жок болсо бир күндө көп дегенде үч саат компьютердин маңдайында отурса жетиштүү.

Отуруу эрежеси
— Монитордон 50-60 сантиметр алыс отуруңуз.

— Отурганда бут менен кол 90 градуска ийилип турушу зарыл. Бутту учкаштырып отуруу кан айланууну начарлатып варикоз оорусуна шарт түзөт.

— Өйдө-ылдый болгонго ылайыктуу, бутунда дөңгөлөгү бар отургучтар компьютерде отурганга жакшы.

— Иштегенде башты буруп кыймылдатпай, көздү жылдырып иштеген оң. Текст терип жатсаңыз алдыңыздагы кагазды ошого ылайыктап коюңуз.

— Дайым бийик така кийгенге караганда, такасынын бийиктиги үч-төрт сантимтерлик бут кийим сиздин ден-соолугуңузду жакшы сактайт.

— Компьютерди көздөй өбөктөп отуру же мониторду жакындан тиктөө зыян.

— Техника күндүн нуруну тийбегидей жерде турганы оң, монитор ары-бери бурула турган буту ийилчээгинен тандаңыз.

— Вирусту эң көп алып жүргөн буюм –компьютердин клавитатурасы. Күнүгө эртең менен таза сүртүп, маал-маалы менен атайын суюк каражаты менен тазалап туруу керек. Клавиатуранын кычыктарындагы чаңдар адамды аллергия кылат.

— Компьютердин жанына кактус гүлүн коюп алган менен маселе чечилбейт. Айрымдар кактус электр-магниттик нурлануудан коргойт деген ишенимде. Бул божомол илимде далилденген эмес.

— Компьютерден чыккан нурдан коргоочу көз айнек да жакшы жардамчы. Болгону аны өз алдынча эмес, адистердин көрсөтмөсү менен тагынган дурус.

— Түшкү тамактануудан кийин дароо жумуш орунга отурбай аз дегенде жыйырма мүнөттүк сейил керек. Эгер ага убакыт тар болсо жумуштан кийин бир чакырым жолду жөө басып коюу ашыкча болбойт. Күнүгө эки-үч саат аралыгында бөлмөнү желдетип туруңуз. Адамдын эс алганы анын уктаганына, жаткан төшөгүнө көз каранды. Күнү бою отуруп иштегендер төшөктү жука салып жаткан оң. Бийик жаздалбаган орточо калыңдыктагы төшөк денеңизди жанчыбай жакшы уктаганына шарт түзөт. Бийик жаздык мээдеги кан айланууну жайлатып, желкени тырышытырып эс алдырбаасы ансыз деле маалым.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}