Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Бурана мунарасы

Бүгүнкү күнгө чейин кооз курулушу менен зияратчыларды таңдандырган, илимпоздордун кызыгуусун туудурган Кыргызстандагы тарыхый эстелик жайлардын бири Бурана мунарасы. Бурана архитектуралык эстелик жайы Токмок шаарынын түштүк тарабында 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Өз кезегинде Караханид мамлекетинин башкалааларынын бири болгон Баласагын шаары Х кылымга чейин эле элдүү, соода-сатыктуу, карым-катыштардын чордону катары эсептелип, Х-ХIII-кылымдарда, тагыраак айтканда 940-жылдан 1212-жылга чейин өкүмдарлык кылган эл башчылардын энчилүү жайы болгондуктан, алака-мамилелер гана эмес, илим-билимдин да ордосу болгон.

Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Бурана мунарасы

Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийиктиги 14 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын.

Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Бурана мунарасы

Мунара кайрак ташка чегилген жазуу жана ал Баласагундук мыйзамчы имам Мухаммадга коюлгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгегинде эскерет. Бурана Борбордук Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы.

Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Бурана мунарасы

Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасында курулуштун калдыктары, чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 13–14-кылымдарда шаар өзүнүн жашоосун токтоткон. 1971–76-жылдары Бурана оңдолуп, калыбына келтирилген.

Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Бурана мунарасы

Бурана, Орто Азия аймагында ушундай типте курулган алгачкы мунаралардын бири. Мунаралар мечиттердин жанына курулган жана азан чакырып, динчилерди намазга чогултуу милдетин өтөгөн. Мечит Бурананын батыш тарабында болгон деп болжолдонот. Бурананын алгачкы бийиктиги 45 метрдей болгон деген ырастоо бар. Бардык эле мунаралардай анын кылда чокусуна атайын кароолкана (манзар) курулуп, төбөсү күмбөз түрүндө жабылып, тегерек дубалына панарга окшотуп айланта терезе ачып салынган. Жарык кириш үчүн каалгадай ачык оюктар дүйнө жактары боюнча жайгаштырылат. Бурананын азыркы кездеги бийиктиги 24,6 метр, баш жагы XV же XVI кылымдардагы катуу жер титирөөлөрдүн биринде кулап түшкөн деген божомолдор бар.

Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Бурана мунарасы

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}