Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Көпүрө — бул адам баласынын колунан жаралган байыркы курулуштарга кирет. Көпүрөө куруунун негизги максаты — эки жээкти бириктирүүчү жана аны ишке ашырууда түмөн түйшүк жарала турган иш-аракет болуп эсептелет. Ал эми заманбап салынган көпүрөөлөр бири-биринен өзгөчө айырмаланып турушат.

Акведук

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Суу үстүндөгү эң узун көпүрө. Немистердин Магдебург шаарында жайгашкан. Эльба жана Хафель дарыяларын бириктирет. Жалпы узундугу 916 метт. Кораблдерден сырткары жөө адамдар өтүүгө мүмкүн.

Octavio Frias de Oliveira

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Бразилиянын Сан-Паулусунда жайгашкан. Х тамгасын түзгөн дүйнөдөгү жалгыз көпүрө болуп эстептелет. Куралган кресттин узундугу 137 метрден ашык.

Банпо

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Банпо узун болбосо дагы өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. “Ай радугасы” аталган дүйнөдөгү эң чоң оргумадай Гиннес китебине катталган.

Kikki

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Мындай көпүрөлөр көп болгону менен Япониядагы илинип турган жөө адамдар тура турган уникалдуулугу менен айырмаланып турат.

Helix

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Жөө адамдар өтө турган көпүрө оригиналдуулугу, кооздугу менен өзгөчө. Сингапурда жайгашып, узундугу 280 метрди түзөт. Конструкциясы боюнча эки спиралдын формасында.

Henderson Wave Bridge

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Бул дагы Сингапурдагы жөө адамдар өтө турган көпүрө. Толкунду элестетет. 2006-жылдан бери иштеп келет. Жалпы узундугу 274 метр.

Pythonbrug

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Амстердам жашоочуларын 10 жылдан ашык убакыт бою кубандырып келет. Материк менен Борнео аралын бириктирет.

Миң жылдык

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Түндүк Англиядагы бул көпүрө аркылуу велосипед тепкендер менен жөө адамдар каттайт. Көпүрө негизин эки болоттон куралган арка түзөт. Бирөө көтөрүлүп турса экинчиси Тайн дарыясынын бир жээгинен экинчи тарабына өткөн кыймылды камсыздайт. Кемелер өтө турган убакты горизонталдык аркасы көтөрүлүп вертикалдуу турганы төмөндөйт.

Qingdao Haiwan Bridge

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Кытайда жайгашкан бул көпүрө дүйнөдөгү эң узун көпүрөлөрдүн бири. 42 500 метрди түзөт жана кытай өкмөтү бул үчүн 8, 72 миллиард доллар каражат короткон.

Sydney Harbour Bridge

Көркөмү көз жоосун алган көпүрөлөр

Ааламдагы туурасы боюнча эң чоң көпүрө. Сиднейди аралайт. Туурасы эле 49 метрге жетет. Узундугу болсо 1149 метр. Көпүрө аркылуу велосипед менен жана жөө жүрө турган адамдар өтө алат. Ошондой эки темир жолу жана жеңил унаалар үчүн сегиз магистралдуу жолу бар. Жалпы салмагы 52 800 тоннага барабар.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}