“Куттуу Билимден” билим тууралуу кыскача

“Куттуу Билимден” билим тууралуу кыскача

Билим менен эмгек — ишти бүткөрөт,
Илим — бекти муратына жеткирет.
Сокур дешет билимсизди — жөн дебе,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.

Билимдүүнүн иши дагы салмактуу,
А түркөйлөр – майда, жеңил, камгак бу.

Адамдар ар нерсеге жетиш үчүн,
Жумшаган колдун күчүн, илим күчүн.

Билимдин жыпар менен мааниси окшош,
Экөөнү өзгөлөрдөн катып болбос.
Жыпарды канча катсаң жыты чыгат,
Билимди айткан сөзүң дайын кылат.

Билим — байлык четин эмес, кыпынын,
Эң айлакер ууру алалбайт, мунум чын.
Акыл, билим окшош болот кишенге,
Түшсөң эгер чыгамын деп ишенбе.

Билимдүүгө окуу – кийим, аш болот,
Билимсиздер – ушак менен дос болот.

Окуу болсо – билим үчүн жол салат,
Билим болсо – жиптин көзүн ал табат.
Жакшыны алып, жараксызды көрө алаар,
Керектүүнү керексизден бөлө алаар.

Баардык ишке зирек болгун барктап,
Ала билгин керегиңди аныктап.
Мына ошондо иш оңолот карагын,
Билимдүүлөр чийки жебейт тамагын.

Даярдаган: Эстебесова Махабат

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}