Аска боорундагы кыл көпүрө

Хуашань тоосу Кытайдын Шеньси провинциясында жайгашкан. Бул тоо катаал жана бийик аскалары, мейкиндикте кылкылдаган кыл көпүрөлөру менен белгилүү.Хуашань-деңиз деңгээлинен 2160 метр бийиктикте, Кытайда аны адамдар \»асман тепкичтери\» деп атап коюшат. Ага чыгып бара жатканда жолдор аябай катаал, жолу кууш, аска бетине жармашкан жалгыз аяк жол менен тоонун чокусуна чыгасың. Аягы көрүнбөгөн бул тоону көргөн да бар, көрбөгөн да бар. Албетте, ага чыккандар да жок эмес! Тепкичтер тик болгондуктан, чыгып бараткан адам өзүнө абай болуп, ар кадамын кылдаат ташташ керек. Анткени ал жайдан учуп же кулап кетүү адамды соо койбосу анык. Улам жогору көтөрүлгөн сайын ал жактан кичинекей, чакан үйлөрдү көрүүгө болот. Демек, ал тоонун башында жашоо бар… Жарым жолго барганда жол түгөнөт, андан ары атайын электр менен иштеген илме \»куту\» менен жол улайсыз. Буга чейинки кыйынчылыктар чыккан адамга катаал көрүнүшү мүмкүн, бирок алдыда дагы нечен катаалдыктар бар. Мисалы ичке көпүрө аскага жөн гана илинип турат. Ал жерден сизди кулап кетүүдөн сактаган дээрлик эч нерсе жок. Ичке көпүрө асканын бардык бурчунда сизди \»коштой албайт\». Кээ бир жайларда бутуңуздун учу менен гана жүрчү жерлер бар. Андай учурда аскага жармашып Кудайга жалынуудан өтөөрү жок болсо керек. Ден соолугу мыкты, эрктүү жана коркуу сезиминен оолак болгон адамдар гана ал жакка чыгууга бел байлашы зарыл. Анткени кыйкырып, коркуп, чоочуган үндөрүңүз башкаларды да кооптондурат. Жетер жерге жеткенде табияттын \»тирүү\» сулуулугуна суктанып, чай ичип, наар татууга кеңири убакыт болот.

Кытайлыктардын өздөрүнүн пикиринде бул жайга чыккандардын өмүрү узак болот. Жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер тоого чыгуу үчүн келип турушат. Алардын кайсыдыр бири табияттын сулуулугун көрүү үчүн, зыярат жасап кетишет. Балким алардын арасында жашоонун кадырын кыска убакыттын ичинде жон териси менен сезгиси келгендер да бар чыгар…

Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө
Аска боорундагы кыл көпүрө

Эркиндик

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}