Кылым кыйырында кыйла жашаган Луиза Кальман

Ар бир эле адам узак жашоону кыялданса керек. Атаганат , арбыныбыздын андай кыялдарыбыз орундалбаса да тарых барактарына көз чаптырсак кыялы орундалып, кылым жашагандар четтен табылат. Жүзгө чыгып,кылым жашоонун сыры эмнеде?

Мен атактуу болууну 110 жыл күттүм

Адамзат тарыхында,эң узак жашап,узак жашагандыгы тиешелүү документтер менен далилденген, дүйнөдө узак жашаган адам катары Гиннестин рекорддор китебине кирген айым, Франциялык Жа́нна Луи́за Кальма́н . Франциялык рекордчу айым 1875-жылы 21-феврвлда Франциянын түндүгүндөгү Арль шаарында жарык дүйнөгө келген жана өзүнүн 122 жылдык өмүрүн ушул эле шаарда өткөзгөн.

Жаннанын атасы Николя жана апасы Маргарит карапайым француз үй бүлөлөрүнүн катарында болгон. Жанна Кальман жарык дүйнөгө келгенде апасы да, атасы да 37 жашта болушкан. Келечекте кылымды багынта турган кыздын өзүнөн улуу үч бир тууганы болгон, тилеке каршы алардын экөөнү көрө алган эмес , бирөө 4 жашында, бирөө ымыркай кезинде эле чарчап калган, өзүнөн он жаш улуу агасы Франсуа да карындашы сымал узак жашап, 97ге чыгып көз жумган.

Кальман 21 жаш курагында, 1896 –жылы , 8-апрелде өзүнүн жакын тууганы Фернанда Николя Кальман атту жигитке турмушка чыккан. Жаннанын жана Фернанданын чоң аталары Антуан жана Николя да бир тууган болушкан, чоң апалары да бир тууган болгон. Жолдошу, Фернанданын менчик дүкөнү болгондуктан аялы иштеп, каражат табуу муктаждыгы болгон эмес. Yй бүлөнү, күйөөсү толук камсыздандырган, Кальман өмүрүнүн аягына чейин иштеген эмес, убактысынын көбүн велосипед тээп, теннис, фортепиано ойноп, операларды кыдыруу менен өткөзгөн. 1898-жылы 19-январда жубайлар , Николь Мари Ивонн Кальман аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар мындан башка наристе жытын жытташкан эмес. Кызы, Николь Мари Ивонн Кальман 1926-жылы турмушка чыгып,кыздуу болгон, бирок Жанна Кальман өзүнүн көзү тирүүсүндө 1970-жылга чейин эле баардык жакындарын жерге берип койгон , бул кайгылуу күндөрдү көп эстегиси келбесе да аркасында мурасын калтырууга жакын адамы жок экенине өкүнгөн күндөрү да болгон.

Кылым  кыйырында кыйла  жашаган Луиза Кальман

1990-жылдардагы келбети.

Жа́нна Луи́за Кальма́н 110 жашка келгенде, «La Maison du Lac» деп аталган карылар үйүнө көчүүгө аргасыз калган, буга себеп өзүнүн үйүндө тамак жасап жатып, үйүн өрттөп алган. Бул учурда Жанна айымды франциялык басма сөз каражаттары байма –бай жазып, элге гезит беттери аркылуу таанылып калган эле. 110 жаштан кийинки ар бир туулган күнү журналистердин, атактуу окумуштуулардын катышуусу менен өтүп баштаган. Бул боюнча ал өзү да «Мен атактуу болууну 110 жыл күттүм» деп айткан жайы бар.

Жанна, «Дүйнөдөгү эң картаң,тирүү адам»деген титулду 1988-жылы алган, бул учурда 113 жашта болгон. Бирок, кийинки жылы бул титул Жанна айымдан алынып, Америкалык Кэрри Уайт аттуу айымга берилген. 1991-жылы 14- февралда Кэрри Уайт өлгөндөн кийин титул, Жанна Кальманга кайра кайтарылып берилген. Дүйнөдөгү узак жашаган тирүү адамдарга берилүүчү бул титулга , Франциялык рекордчу айым 6 жыл, 6 ай ээлик кылып, эң узак убакыт титулга ээлик кылган рекордчу катары, рекордчулар арасында да ререкорд жараткан. 1995-жылы 21- февралда 120 жашка толуп, дүйнөлүк маалымат айдыңында резонанс жараткан. Ошол эле жылы ал жөнүндө документалдуу фильм тартылган. 1995-жылы 17-октябрда Кальман өзүнүн 120 жылдык өмүрүнүн 238-күнүндө адамзат тарыхындагы эң узак жашаган адам катары да рекорддук баскычты жаңырткан, бул рекорд буга чейин Сигэтиё Идзуми аттуу Япониялык адамга таандык болгон.

Франциялык демограф Жан-Мари Робиндин айтуусуна караганда Кальман дүйнөдөн өтөрдөн бир ай мурун угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгүнөн толук ажыраса да ден соолугу жакшы болгон, 115 жаш курагында тепкичтен жыгылып жамбашын сындырып алгандан кийин өмүрүнүн аягына чейин майыптар арабасында отурган. Ар бир алты ай сайын саламаттыгын, жана акыл эсин текшерип турган нейропсихолог Карен Ричтин айтуусуна таяна турган болсок Кальман өмүрүнүн соңку күндөрүнө чейин тунук акыл эсин сактап кала алган, бала кезинде жаттаган ырларды айтып берип, арифметикалык тапшырмаларды кыйналбай аткарган.

1997-жылы 4- августта дүйнөнүн эң картаң адамы 122жыл , 5 ай 14 күн жашап бул дүйнө менен кош айтышкан.Ошол убактагы Франциянын президенти Жак-Ширак «Жанна Кальман ар бир франциялыктын чоң апасы»деп айткан.

Изилдөөчүлөрдүн айтуусу боюнча Жанна узак жашоо үчүн белгилүү бир тартиптерди карманган эмес. Франциялыктардын көбү тамашалап: Кальмандын узак жашоосунун сыры диетада деп айтышкан. Кальман 1 жумада эң аз дегенде 1 кг шокалод жеген. Жан-Мари Робин: «Кальмандын узак жашоосунун сыры , анын жашоого болгон оптимистик көз карашында, ал жашоого дайым оптимистик маанайда карап «Бир нерсеге жетпей калсаңыз, бир нерсени кыла албай калсаңыз, ал үчүн өкүнүп маанайыңызды түшүрбөңүз» деп айткан. Ал эми Кальман өзү: «Менин узак жашоомдун сыры үзгүлтүксүз оливка майын жана жашылча жемиштерди колдонуумда болушу мүмкүн»деген.

Башка узак жашаган адамдарда кездешкен белгилердин көбү Кальманда да бар болгон. Албетте, биринчиси анын генинде узак жашагандардын болушу. Экинчиси анын айым болушу, дүйнөдөгү 115 жаштан ашкандардын дээрлик баары аялдар, узак жашаган адамдардын баары чапчаң, арык денелүү болушкан, бул белгилер Кальманга да таандык, 100 жашка чыкканча теннис ойноп, велосипед тепкен, табиятта сейилдөөнү жактырган.

Кызыктуу фактылар

1.Бала кезинде белгилүү сүрөтчү Винсент Ван Гогду көргөн.(1853-1890)

2.1990 жылы «Винсент жана мен» деген кинодо 114 жаш курагында өзүнүн эпизоддук ролун өзү жаратып,толукметраждуу тасмага тартылган эң картаң адам деп табылган.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}