Эмне үчүн китеп окулбай калды?

\»Окуй билсеңиз жаныңыздагы досуңуз да бир китеп\», — деп кайсы бир ойчул айткандай, китеп окуунун канчалык зор мааниси жана таасири бар экендигин акыры унутуп бараткандайбыз. Китеп колтуктап, китепке үңүлгөндөрдү кезиктирүү да дээрлик кыйын болуп калды\». Китепсиз эле көздөгөнүңө жетип, билимдүү боло аласың ” деп кол шилтегендерди четтен табууга болот.

“Интернет” деген эмеден каалаганыңды бат эле таба ала турган заманда ким эле китепканаларды кыдыргысы келсин дегендер да жок эмес. А бирок, билим алууда китептин канчалык маанилүү экендигин бардыгыбыз эле түшүнө бербейбиз. А төмөнкү сөзүбүз китеп дүйнөсүнөн алыстап бараткандарды аз да болсо артка кайрууга жардамчы болор деген тилектебиз.

Кыргызстан китеп окуу боюнча дүйнөдө акыркы орундарда

Экс Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев 23 – апрель Эл аралык китеп күнүнө арналган бир иш – чарада Кыргызстан китеп окуу боюнча акыркы орундарда турарын айтып, китеп окуу маданиятын жандандыруу негизги милдет экендигин билдирген. Министрдин маалыматында, өлкө боюнча 6 гана мамлекеттик китеп дүкөнү бар жана 300 000 кишиге 1 китеп дүкөнү туура келет. Кыргызстандын калкынын саны 5,5 миллиондон ашканы менен, 2010-жылкы Китеп палатасынын статистикалык маалыматтарына ылайык, болгону 800 ар кандай аталыштагы 730 миӊ даана китеп чыкса, 2012-жылы жалпысынан 2 миллион китеп басылып чыккан. Ал эми 1989-90-жылдары бир жылда 10 миллион китеп жарыкка чыкчу экен. Ушул көрсөткүчтүн өзү көптү айтып турат дейт Султан мырза.

Изилдөөлөргө таянсак, Союз учурунда кыргыз жазуучуларынын китептери китепканада суралган эң алдыңкы саптарды ээлеген. Азыркы учурда Кыргызстандын эл аралык китеп жарманкелерге жөнөтө турган китептери чектелүү. 1990-жылы Бишкек шаарында китеп саткан 25 дүкөн болсо, азыр 5-6 гана дүкөн иштейт. Учурда көркөм адабий чыгармалардын көпчүлүгү «Раритет», «Нуска» дүкөндөрүндө сатылат. «Раритет» дүкөнүндө китептин орточо баасы 450-500 сомдон башталып, эң кымбаты (бир нече томдугу) 23 миңге чейин барат. Ал эми «Нуска» китептер дүкөнүндө орточо баалар 200-250 сомдон, эң кымбаты 3000 сом турат.

Чыныгы китеп сүйүүчүлөр аз болууда

Жазуучу Муса Сапаевдин “Шоокум журналындагы” маектешкендеги сөзүндө караганда : — Китеп окугандар ар кандай максаттарды көздөшөт. Биринчилери бош убакытты өткөзүү үчүн окушат, экинчилери, белгилүү тематикага кызыккандар, үчүнчү топтогулар болсо чыныгы китеп сүйүүчүлөр, деп койсок болот. Тилекке каршы, булардын саны абдан аз болууда. Ал эми төртүнчү топтогулар болсо максаттуу окугандар, булар кайсы китепти эмне үчүн окушу керектигин билишет.

\»Деги эле китеп окуунун практикалык, экономикалык дагы мааниси аябай чоӊ экендиги өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында бир канча жолу далилденген. Азыркы күндө Япония китеп окуу боюнча алдыӊкы орунда турат. Японияда ар бир адамга – жаӊы төрөлгөн баладан баштап абышкага чейин – 11 китептен туура келет. Ал эми АКШда ар бир адамга 9-10 китептен туура келет. Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр андан кийинки орундарда турушат. Азыркы өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү китеп сүйүүчүлөр болуп эсептелет. Ал эми Африка, Азия калктары, анын ичинде кыргыздар биз дагы, китеп окубайбыз, ошондуктан арттабыз\», -дейт Муса мырза.

Оңой эле байыгысы келгендер көбөйдү

Тилекке каршы, Кыргызстанда кайсы китепке болгон талап күчтүү экендигин расмий изилдеген статистикалык маалымат жок. Бул багытта иш жүргүзгөн мекеменин жоктугу абалдын оор экендигин билдирет. Китеп дүкөндөрү сатылып жаткан китептердин рейтингин ачык чыгарышпайт. “Нуска”, “Раритет” китеп дүкөндөрүнүн жетекчилери көбүнчө студент, окуучулар тарабынан предметтик китептерге талап жогору болорун айтып келишет. Мындан тышкары Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы, “Манас” эпосу көбүрөөк талап кылына баштаптыр. Бул көрсөткүч албетте чеке жылытарлык көрүнүш эмес. Ушундан улам деги окурмандар кандай китептерге кызыгып, кандай китептерди окушат болду экен деген суроо туулбай койбойт экен. Бул суроонун тегерегинде сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө 300 студенттин жарымынан көбү башкача айтканда 70 пайызы, ар кандай психологиялык китептерди, ошондой эле Адам Жексон, Дейл Карнеги, Джон Кехо, Наполеон Хилл сыяктуу чет элдик жазуучулардын “Сокур сезимдин колунан баары келет”, “Кантип байыса болот”, “Байлыктын, Сүйүүнүн, Ден соолуктун, Ийгиликтин он сыры”, “Бай атам, кедей атам” кыскасы ушул тариздеги жалаң оңой эле байып алуунун же тез эле ийгиликке жетүүнүн амалдарын үйрөтүүгө багытталган китептерин, аны менен катар жеңил – желпи окуяларды камтыган жазмакерлердин чыгармаларын окушарын саймедирешти. Албетте, буга деле каршылык жок дечи, бирок терең маанини камтыган адабий китептер, элибиздин көөнөргүс оозеки чыгармалары, дүйнөлүк жана элдик залкар акын — жазуучулардын эмгектери ушинтип эле унутулуп, каралбай калабы деген санаркоолор да болбой койбойт экен.

Эмне үчүн азыркы муун китеп окубайт?

Бул суроонун айланасында көчөгө чыгып орто жана улуу муундун өкүлдөрүн сөзгө тартсак басымдуу бөлүгү азыркы технологиянын өнүккөндүгү, компьютер, телефон, DVD, телевизор, интернет, планшет, социалдык тармактар жана башка нерселер менен байланыштырышат. Ал эми жан башына 20-30 китеп окуп жаткан өнүккөн өлкөлөрдө технология бизден кем өнүккөн жок да, туурабы? Балким, бул көйгөй жалпы кыргыз элинде китеп окуу маданияты жакшы калыптанбагандан болуп жүрбөсүн? Ушул эле суроого жооп издеп эл көзүнө көрүнүп калган адамдарга собол салсаң , учурунда китеп дүкөндөрүнүн бардыгынын сатылып кетишин, китепканалардын дээрлик аздыгын бетке кармашууда.

Даярдаган: Жыпара Дөөтказы кызы

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}