Кыргызстан- алтынга тете травертин ташынын мекени

Травертин-бул таш адамдарга тээ илгертен бери тааныш. Тагыраак айтканда, мындан 1000 жыл мурда «Тибурдан келген таш» деген аталыш менен байыркы римдиктер менен байыркы гректердин курулуш иштеринде негизги каражат катары колдонуп келишкен.Дал ушул таш менен байыркы көпүрөлөр, үйлөр, жана мончолор курулуп келген. Жыл өткөн сайын бул таш «Падыша ташы» деп аталып, дүйнөдөгү ири тарыхый курулуштар курулган. Алардын катарын Марчелло театры, Колизей, Бразилиядагы Сан-Хосе стадиону жана башка имараттар толуктайт.

Кылымдар өтүп адамдар курулушка жарактуу көп материалдарды табышкан. Бирок травертин баштагыдай эле өз популярдуулугун жоготпой келет. Себеби бул таш ар бир адамга жеткиликтүү, кооздук жагынан да эч бир курулуш материалын алдына салбайт, колдонууга өтө оңой. Мындан сырткары травертин адамдын ден-соолугуна пайдалуу.

Кыргызстан- алтынга тете травертин ташынын мекени
Кыргызстан- алтынга тете травертин ташынын мекени

Травертиндин дагы акиташ-үлүл кабыгы( известняк- ракушечник) деп аташат. Анткени бул таштын курамынан үлүл кабыктарын жана акиташ цементин кезиктирүүгө болот.

Акиташ-үлүл кабыгын дүйнө жүзү боюнча: АКШдан, Ирандан, Грециядан, Португалиядан, Израилден, Алжирден жана башка мамлекеттерден кезиктирүүгө болот. Бул өлкөлөрдө травертинди иштетүү өтө жогорку деңгээлде.

Бул ташты иштеп чыгуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө сап башында турат. Анын туулган жери деп Ош областына караштуу Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылы эсептелет.

Кыргызстан- алтынга тете травертин ташынын мекени

Жалпак-Таш айылы Ош шаарынан батыш тарапты көздөй 80 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 1940-2200 метр бийиктикте жайгашкан. Таш чыкчу жердин жалпы аянты 120 гектарды түзүп, запасы 16 млн м3 ашуун.

Бул айылдан чыккан таштар Кыргызстандын ар бир бурчунун курулуш иштеринде башкы ролдо ойноп келүүдө. Жалпак-Таштын ташы менен Бишкек Гуманитардык Университети, Тарых музейи, Учкун имараты жана башка миңдеген көп кабаттуу үйлөрдүн сырты жана ичи жасалган.

Ал эми Жалпак-Таш айылы Өзгөн районундагы эң бай айылдардын бирине кирет. Байыган адамдар ушул айылдан чыккан ташты иштетүү менен ушундай жетишкендиктерге ээ болгон.

Кыргызстан- алтынга тете травертин ташынын мекени

Даярдаган: Майсалбек Курбаналиев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}