Кыргызстан тууралуу кызыктуу 5 далил

Кыргызстан тууралуу кызыктуу далилдерди биле жүрүү, эби келсе айта жүрүү ашыктык кылбас. Биздин өлкө тууралуу чет өлкөлүктөр интернет булактарынан билим маалымат алышат. А өзүбүз туулуп өскөн мекенибиз тууралуу айрым кызыктуу далилдерди биле бербейбиз.1. Дүйнөдөгү эң ири жаңгак токою Кыргызстанда жайгашкан

Ал жаңгак токою Кыргызстандын түштүгүндө Арсланбаб өрөөнүндө жайгашкан. Токойдун аянты 600 миң гектарды түзөт. Арсланбаб өзү деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте турат. Жергиликтүү эл айтып жүргөн уламышка караганда, дүйнөгө грек жаңгагы деп таанылып кеткен бул жемиш чындыгында кыргыз жаңгагы. Александр Македонский жоортуулдан чыгыш тарапка кайтып келе жатып, аскерин Арсланбаб өрөөнүнө өргүткөн. Кетип бара жатканда жаңгак ала кеткен. Ошентип кыргыз жаңгагы Грециягы чейин жетип, грек жаңгагы аталып калган.

Кыргызстан тууралуу кызыктуу 5 далил

2. Ысык-Көлдүн космостон көрүнүшү

Космонавттар ачык мейкиндиктен кайтып келе жатышып, жер бетиндеги көрүнүштөрдөн, мисалы, Улуу Кытай сепили эмес, же айтылуу Хеопс пирамидалары эмес, кыргыздын бермети Ысык-Көл укмуштуудай бир сезим тартуулаганын айтып жүрүшөт. Ачык космоско 1-мертебе чыккан Алексей Леонов космостон Ысык-Көл адамдын көзүнө окшоп көрүнгөнүн айткан.

Кыргызстан тууралуу кызыктуу 5 далил

3. Айгүл – Кыргызстандын түштүктөгү бренди

Баарынан кызыгы – бул гүлдүн айлуу түндө гүл ачкандыгы. Ал Кыргызстанда бир гана Айгүл-Таш тоосунда өсөт. Бул таштуу тоо Баткен шаарынан 15-18 км алыстыкта жайгашкан. Мындай гүлдүн дүйнөнүн башка бир жеринде өскөндүгү жөнүндө азырынча маалымат жок. Тажикстан менен Ооганстандын аймактарында Айгүлгө окшош гүлдөр өсө тургандыгы айтылган. Бирок, алар көлөмү жана гүлүнүн түзүлүшү жагынан айырмаланып турарын адистер далилдеген.

Кыргызстан тууралуу кызыктуу 5 далил

4. Бишкектин чок ортосунда жер алдында бункер жайгашкан

Ала-Тоо аянтынын алдында бункер жайгашканын көпчүлүк биле бербейт. Жер алдындагы бул бункер совет мезгилинде партиялык жогорку жетекчилер үчүн курулган. Азыр бул жерде мезгил-мезгили менен көркөм чыгармачылык көргөзмөлөрү өткөрүлүп жүрөт.

Кыргызстан тууралуу кызыктуу 5 далил

5. Кыргыз «Биг Бэни»

Бишкектин ортосунан орун алган бул саат мунараны башкалаанын ар бир тургуну билет. Жанынан өтүп бара жатып, ага карап сааттарын тууралашат. Ушул жерден жолугушууну белгилешет. Учурда бул саат мунараны реставрациялоо жүрүүдө. Саат мунара 1984-жылы тургузулган. Куранттар Кыргыз ССРине Армян ССРинен белекке берилген.Саат механизми «Кристалл» өндүрүш бирикмесинде жасалып, Бишкекке атайын самолёт менен жеткирилген.

Кыргызстан тууралуу кызыктуу 5 далил

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}