Кыргызстан тууралуу ролик National Geographic сынагынын жеңүүчүсү аталды

Режиссер Тимур Тугалаев жана италиялык блогер Сара Иззи тарабынан тартылган «Lost in Kyrgyzstan» ролиги National Geographic журналынын Travel Photography сынагында жеңүүчү аталды.«Lost in Kyrgyzstan» («Кыргызстанда жоголгон») 4К форматында тартылып, былтыркы жылдын октябрь айында тартууланган . Эки мүнөттүк ролик Ысык-Көл, Соң-Көлдүн жээгинде жана Орто-Токой суу сактагычынын жанында тартылган.

Кийинчирээк видео «National Geographic Россия» журналынын сайтына дагы чыккан.

Сынактын жеңүүчүлөрүн 28-февралда Лондондогу көргөзмөдө жарыялашты.

Баш байгеге ошондой эле Мэтт Джарвистин «жаныбарлар дүйнөсү» жана Сэм Хипвеллдин «түштүк-батыш Азиядагы тургундар» тууралуу тарткан ролиги ат салышып жаткан.

«Сара экөөбүз тарткан тасма биринчи орунду алгандыгына дагы деле ишене албай турам. Салтанатта National Geographic’тин жана көпчүлүк таланттуу сүрөтчүлөр Кыргызстандын кооздугуна суктанышты. Биз өз максатыбызга жеттик деп ойлойм»,- деп Тимур Тугалаев Sputnik Кыргызстан сайтына маалымат берген.

Видеотасма бир гана National Geographic эмес, Грециядагы Huffington Post, Испаниядагы El Pais жана АКШдагы USA Today журналдарынын сайтына жүктөлгөн.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}