Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар

Шаркыратмадан тараган күчтү байкабай коюу мүмкүн эмес. Балким, ошон үчүн алар адамды өзүнө тартып турат. Шаркыратмалар – ажайып кооз. Ага карап турган адам да бардык мыйзам, эрежелерди бузган эң күчтүү жанга айлангандай болот, бирок жашоо аны баары бир өз агымынан чыгарбайт. Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар:

“ИЛБИРСТИН КӨЗ ЖАШЫ” ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар

Ал Барскоон капчыгайында, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен анча алыс эмес жерде жайгашкан. Бийиктиги 100 метрден ашат. Шаркыратмага капчыгай аркылуу жөө адам жарым саатта жетет. Бул сиздин Ысык-Көлдөгү эс алууңузду эң сонун толуктайт.

“33 ТОТУ КУШ” ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар

Нарын облусунда Соң-Көл көлүнө жакын жерде 2600 метр бийиктикте жайгашкан. Анын бийиктиги — 30 метрдей.

“АРСЛАНБАП” (ЧОҢ ЖАНА КИЧИ) ШАРКЫРАТМАЛАРЫ

Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар
Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар

Бийиктиги 80 метрге жеткен чоң шаркыратма Арсланбап айылынан 8 чакырым өйдөдө орун алган. Кичиси – 23 метр, ал Арсланбап жаңгак токоюнан анча алыс эмес жерде. Кичи шаркыратмадан өтүп баратып, \»Кырк периштенин үңкүрүн\» көрө аласыз.

\»АБШИР-АТА\» ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар

Ош облусундагы Абшир-Сай кууш өрөөнүндө жайгашкан. Бул Ош шаарынан 80 чакырым алыс жер. Бийиктиги 15 метр шаркыратманы элде “сүттүү” деп да коюшат. Алар мындагы суу дарылык касиетке ээ деп ишенишет.

“КЫЗДЫН КӨЗ ЖАШЫ” ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар

Жети-Өгүз капчыгайында жайгашкан. Бийиктиги 20 эле метр. Ага жөө адам бир сааттан азыраак убакытта жетип барат. Бул эң сонун багыт, “Жараланган жүрөк” кызыл зоого да бара келсе болот.

\»ШААР\» ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар

Нарын облусунун Баш-Кайыңды капчыгайында 3200 метр бийикте жайгашкан. Бул Борбор Азиядагы эң чоң шаркыратма, бийиктиги 300 метрдей. \»Шаар\» ушунчалык чоң болгондуктан, ага бараткан жолдо 45 чакырым алыстан эле көрүнүп турат.

\»КЕГЕТИ\» ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргызстандагы эң кооз шаркыратмалар

Кыргызстандагы эң кооз капчыгай – Кегетиде (Бишкектен 80 чакырым алыста) орун алган. Ал деңиз деңгээлинен 2000 метр бийикте жайгашып, узундугу 30 метрге жетет. Айтмакчы, \»Кегети\» шаркыратмасынан 40 мүнөттүк жолдо Бурана мунарасы орун алган. Бул Улуу Жибек жолунан мурас калган байыркы эстелик.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}