Кышында жүгүрүүнүн пайдасы жана зыяны

Жүгүрүү-ар кайсы курактагы адамдар үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу спорт түрү. Анын артыкчылыгы тууралуу ар бирибиз билебиз. Бирок кыштын кыраан чилдесинде спорттун бул түрү менен машыгуу ден соолукка пайдалуубу же зыянбы? Аныктап көрөлүк.Кышында жүгүрүү башка мезгилдерге салыштырмалуу алдаканча пайдалуу. Биринчи: аба таза болот. Албетте, таза аба дем алуу жолдорун жакшыртат.

Спорттун кайсы гана түрү болбосун кышкы машыгуу денени чыңдап, иммундук системаны коргойт. Өзгөчө жүгүрүү адамдын көңүлүн көтөрүп, сергек жүрүүгө, аны менен бирге хандроз жана депрессиядан сактайт. Аба ырайы суук кезде адам организми температураны бир калыпта кармоо үчүн кошумча энергия иштеп чыгат. Бул учурда денедеги майда клеткалар жай мезгилине караганда эки эсе көп жумуш иштейт.

Кыш мезгилиндеги машыгуунун мына бул өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу керек:
— аба температурасы -15°-тан төмөн болгон учурда суук тийгизип алуу коркунучу бар. Мындай учурда эң алгач жүгүрүп бүткөн соң дем алуучу жайды ырастап алуу оң.

—жүгүрүүнү баштоодон мурда денени жана булчуңдарды даярдап, жибитип алуу абзел.

—жүгүрүү үчүн колдон келсе абасы таза жайды тандаңыз(эс алуучу парк, токой ж.б)

— коопсуздук үчүн жаныңызга кошо жүгүрө турган шерик табыңыз.

—организмдеги суунун өлчөмүн сактай билиңиз. Суукта сырттан суу ичүү организмге терс таасир бериши мүмкүн. Ошондуктан үйдөн суунун көп ичкенге аракет кылыңыз. Жүгүрүүдө организм сууну көп талап кылат.

—үстүңүздөгү күрмө жана шымыңыз термохимия болушу керек. Күрмөңүз жел өткөзбөгөндөй болсун. Себеби тердеп турган адам суукка тез урунат.

—бут кийимге да көңүл бөлүңүз: таманы жумшак, тайгаланбаган жана жеңил болгону жакшы.

—ичиңизге кирген аба аябай кургак болбош үчүн бетиңизди моюн орогуч менен жаап алыңыз же бет кап кийиңиз. Аба ырайы аябай суук болсо бет кап кийгениңиз дурус.

Ошону менен бирге машыгуу убактысын аябай узакка созуп организмди кыйнабаңыз. Эң алгач 15-20 мүнөттүк жүгүрүүдөн баштаңыз. Акырындык менен узартып аласыз. Ошентсе да машыгууну жаңыдан баштап жатсаңыз машыктыруучудан кеңеш алыңыз. Бул сиздин организмге пайда гана алып келет.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}