Кыска жана нуска аңгемелер

Кечээкинин талабы бүгүнкүнүн сабагы болуп калары ырас. Айрыкча акылмандардын айтып кеткен кептери аңызга айланып, адамзат тарбиясынын булагы болуп кала берген. Философиялык мааниси зор аңгемелер пайдасы тиер деген өңүттө окурмандарга сунуштоону туура таптык.

Бакыт акчада эмес

– «Бактылуулуктун бардыгы акчада эмес» деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар? — деп окуучу мугалиминен сурайт.

– Анын бардыгы чындык, тастыктоо оңой эле, — дейт мугалим, — акчага шейшеп сатып алганың менен түштү сатып албайсың, тамакты аласың, табит сатылбайт, дары сатып аласың, ден соолук сатылбайт, малай жумшай аласың, бирок дос сатып ала албайсың. Аял сатып алууң ыктымал, бирок сүйүүнү эмес, үй сатып аласың, коломто ээсин эмес, көңүл ачууга жумшайсың, бирок ал жашоодогу чыныгы кубаныч эмес, мугалимдерди сатып аласың, бирок акылды ала албайсың, — деген экен.

Сокур умтулуу

– Чындык үчүн ар кандай жолго аттанууга даярмын, — дейт окуучу.

Мугалимге бул өтө кызык болду.

– Качан киришесиң? – деп сурады.

– Качан сиз менин кайда барышымды айтканыңызда.

– Менимче, мурдуң каякты көрсөтсө, ошол жакка барганың оң.

– Хмм, а анда каяктан токтойм?

– Каалаган жериңе.

– А мен ал жактан чындыкты кантип табам?

– Ал сенин мурдуңдун учунда турат да, эч нерсе көрбөгөн көздөрүңдү карап турат.

Үч жолку чыпкалоо

Сократка бир адам келип мындай дейт:

– Мен сага сен жөнүндө досторуң эмне дейт, айтайынбы?

– Аярлай турчу, – деп Сократ жооп узатты, – менин досумдун эмне дегенин айтуудан мурун бул маалыматты чыпкадан өткөрүшүң керек. Ал үчүн эң маанилүү деген үч чыпкалоо ыкмасын сунуштайм. Биринчиси — чындык. Айтчы, эми ушул уккан маалыматың чындык экенине өзүң ишенесиңби?

– Жок, анча ишенбейм, муну өз оозунан эмес, башкалардан уктум, — деди келген киши.

– Демек, айта турган сөзүңө өзүң ишенбейсиң. Эми экинчи чыпка — жакшылык. Айта турган маалымат мени кубантабы же жиндентеби?

– Негизи өтө жаман маалымат эле, — деди тиги адам.

– Демек, мага ишеничсиз жана жаман сөз айтканы жаткан турбайсыңбы? Үчүнчү чыпка — пайдалуулугу. Айтчы, сен айтып келген сөздөн мен пайдалуу бир нерсе ала аламбы?

– Жок. Андай деле эмес го, — деди.

– Анда сен мага чындык эмес, жаман жана пайдасыз маалыматты эмнеге айтканы жатасың? Мен аны билип эмне кылам? — деп тиги кишини жолго салган экен.

Карга кимдин пайдасына какылдады?

Үч жолоочу көрүстөндү көздөй бет алышты. Ошол маалда алардын башынан карга каркылдап калат. Аны жакшылыкка деп жорушуп, бирок «мен үчүн каркылдады» деп ар кимиси өзүнө жоруп көпкө талашышат. Акыры талашы чырга айланып кетпеши үчүн айылдык сотко барышат. Ал баарын угуп туруп:

– Бир жумадан кийин келгиле. Эски китептен окуп, анан силерге жыйынтыгын айтам дептир. Талашкандар жай-жайына тарашат. Бирок алардын ар бири сотту сатып алууга аракет кылышат. Алардын бири эки өрдөгүн союп, сотко алып келип берет. Экинчиси эки казын союп, сотко жашыруун берип кетет. Ал эми үчүнчүсү соттун жумушунун жанында туруп бардыгын көрөт. Кечкисин сот эки каз, эки өрдөктү алып келе жатып үйүнүн жанынан үчүнчү кишини көрүп калат.

– Сен эмнеге мага келген жоксуң? — деп сурайт.

– А мен карга кимдин пайдасына каркылдаганын билип алдым, — дейт ал.

– Ии, кимдин экен? — деп сот таң калыштуу карайт.

– Албетте, сиздин, урматтуу сот мырза!

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}