Кыска жана нуска

Узун, том-том мааниси жок китепти окугандан көрө, кыска бирок маңыздуу аңгемени окуп өзүңө пайдалуу сабак алган алда канча артык. Кыска бирок нуска, мааниси терең, кызыктуу аңгемелер.

Идеал

Бойго жеткен жигит идеалдуу аялды издеп таап үйлөнмөк болот. Бирок бир канча жыл өтсө да, ал үйлөнбөй жүрө берет. Бир күнү ага эски досу жолугуп калып суроо узатат:

–Идеалдуу аялды таба алдыңбы?

–Ооба, таптым.

–Анда эмнеге ага үйлөнгөн жоксуң?

— Анткени ал идеалдуу эркекти издеп жүрүптүр…

Ар кимдин өз милдети бар

Бир жолу чаян өзүн дарыянын аркы жээгине алып өтүү үчүн ташбаканы көндүргөн экен. Анын жонунда тынч отуруп келаткан чаян аркы өйүзгө жуп жетерде чыдабай кетип, аны акыры чагып алыптыр. Ага нааразы болгон ташбака:

-Башкаларга жардам берүү — менин табиятым. Мен сага жардам бердим. Мени чакканга кантип дитиң барды?!

-Досум, — деп жооп бериптир чаян, — сенин табиятың — жардам берүү, меники — чагуу. Анда кандай, сен эми өз табиятыңды изгилик деп тапсаң, а меникин жүзүкаралык деп тааныйсыңбы?

Кантип жарымынан бөлсөк болот?

Бир айылда эки бир тууган жашайт. Алар бир мезгилде абдан жакшы кыртыштуу айдоо жерге ээ болушат. Бир туугандардын төбөсү көккө жетип, абдан кубанышат. Анан “Бул жерди эми кантип экиге бөлөбүз?” деп баш катырышат. Ойлонуп-ойлонуп, баштары жетпей, акыры урушканга чейин барышат. Улам бири сунуш киргизген сайын, бирине көбүрөөк тийгендей сезиле берет. Чекти бир түрдүү бөлө алышпайт. Акырында экөө тең тажап, акылманга келишет.

–Ата, биз бул жерди ыр-чырсыз кантип экиге бөлүп алсак болот?

— Мындай кылсаңар туура болот. Бириң талааны так ортосунан экиге бөл. Экинчиң кайсы бөлүгүн аларыңды танда.

Турмуш сабактары

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}