Кыраакы мугалим сабак учурунда студенттерге:
-Эртең кыямат болуп кетсе, эмне кылмаксыңар? деген суроо таштайт. Профессордун суроосу студенттердин баарын чочутуп, терең ойго салат. Ар кимиси ар кандай жоопторду бере башташат:-Кудайга сыйынып, ибадат кылып, күнөөлөрүмдүн кечирилишин тилейт элем…
-Бардык жакшы көргөн адамдарым менен коштошмокмун…
-Үй-бүлөм менен чогуу болмокмун…
-Ата-энеме барып, алардын ыраазычылыгын алмакмын…
-Досторум менен мурунку кездерди эскерип, баскетбол ойнойт элем…
-Мечитке барып, эртеңкиге чейин баш көтөрбөй ибадат кылмакмын…
-Эсебимдеги акчанын баарын кайрымдуулукка жумшайт болчумун…
-Колдон келишинче соопчулук иштерди аткарганга чуркайт элем…
-Менден капа болгон адамдарга барып баарынан кечирим сурамакмын…
Ушул сыяктуу айтылгандардын баарын мугалим тактага тизмектеп жазат да, акырында мыйыгынан жылмая мындай дейт:
-Балдар, айткылачы, ушундай сонун иштерди аткарыш үчүн сөзсүз эртең кыямат болушу керекпи?!