Кызыктар дүйнөсү

Эверест, дүйнөдөгү эң бийик чоку. Кызыгы, дем алууга кычкылтек жетпеген чокуда ири жөргөмүштөр гана жашайт. Аппа Тенцинг аттуу атуул Эверест чокусун 21 жолу багындырып, рекорд орноткон. Эверест бүгүнкү күнгө чейин өсүүсүн токтотпойт. Анын бийиктиги жыл сайын 4 милиметрге өсүп турат.

☺☺☺

Япониялык электртехника чыгаруучу завод чыгарган дүйнөдөгү эң тез жүрүүчү лифт ишке кире баштады. Жергиликтүү басылмаларда жарыялангандай, анын ылдамдыгы саатына 72 чакырымга жетет. Андан улам ал 1-кабаттан 95-кабатка 43 секунда жетет. Ал эми заводдун адистеринин айтымында алар бул ийгиликке кубаттуу тростордун жардамы менен жетишкен. Жаңы лифт Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы 111 кабаттык имаратта кызматка киришти.

☺☺☺

Бир айда беш күн жеңил тамактануу картаюуну кечеңдетет. Мындай жыйынтыкка Түштүк Калифорниянын окумуштуулары келишти. Алардын изилдөөсүнө таянсак, бир айда беш күн жеңил тамактануу калорияны 34 пайыздан 54 пайызга чейин төмөндөтөт. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларлын алдын алып, эс тутумду жакшыртат. Аны менен катар кант диабет оорусунун өрчүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. Белгилей кетсек, изилдөөчүлөр экспертизадан алгач чычкандарды, андан соң 150гө жакын адамды өткөрүшкөн.

☺☺☺

Улуу Британияда дарыгерлер отуруп иштегендерге тыюу сала башташты. Британиялык адистердин айтымында, кеңседе эмгектенгендердин көбү дайыма отуруп иштешет. Ал эми бул көрүнүш ден соолукка зыян алып келет. Айрым учурда ашыкча салмактуулукка да жеткирет. Ага байланыштуу кеңседе иштегендерге жыйналыш учурунда же иш учурундагы жолуугушууларды туруп өткөрүүгө туура келет. Мындан тышкары, жумушуна байланыштуу башка жактарга бара турган болсо жөө же велосипед менен барышат. Бул ден соолукка пайдасын гана алып келет деп ишендиришет дарыгерлер.

☺☺☺

Окууда кандай музыкалар жардам береээрин окумуштуулар далилдеп чыгышты. Америкалык окуумуштуулар тарабынан изилденген эксперименттин жыйынтыгында, сөзү жок, жай музыкалар окуучулардын жана студенттердин жакшы окуусуна, активдүү жүрүүсүнө жардам берет. Ал эми сөзү менен кошо ыр укканда, ал адамдарды алаксытат. Мындан тышкары, жай музыкалар балдардын ойлонуусун жогорулатат.

☺☺☺

Америкалык тургун орто мектепти 103 жашында аяктады. Мэри Хант Спринг-Грин шаарынын тургуну 1928-жылы кандайдыр бир себептерден улам мектепке баруусун токтотуп койгон. Ал медайымдын жардамы менен мектепти 103 жашында аяктап, мекеменин диреторунун колунан аттестатты алды. Мэри Хант бүтүрүү кечесин туугандарынын, досторунун коштоосунда белгиледи. Эми ал колледжге тапшыруу тууралуу ойлорун жакындарына кабарлады.

☺☺☺

Окуумуштуулар кескелдириктин жаңы түрү бар экендигин тастыкташты. Иликтөөнү Германиянын Бонн шаарындагы Зоологиялык изилдөө музейинин профессорлору жүргүзүшкөн. Алардын бири Волфранг Боменин айтымында, “Варанус” деп аталган жандык Иран менен Ирактын ортосундагы чек арадагы чакан аралды байырлайт. Аталган жаныбардын узундугу бир метр 20 сантиметрге чамалайт. Боме берген маалыматка караганда, бул кескелдирикти россиялык окумуштуу 1914-жылы таап чыккан. Бирок, ошол мезгилдеги большевиктердин ыңкылабына байланыштуу ишин аягына чыгара алган эмес. Изилдөө дагы да уланмакчы.

☺☺☺

BMW автоконцерни күтүлүп жаткан X7 версиясы тууралу айтып берди. Ага ылайык, Бавариянын алдыңкы жол тандабасында алты литрлүү мотор жана 12 цилиндирлүү кыймылдаткыч болот. Сырткы келбети жөнүндө айта турган болсок, X7 көп нерсени буга чейинки X5 унаасынан алат. Ошол эле кезде жаңы версия алты жана сегиз цилиндирлүү гибриддик варианттарда сунушталат. Кыйла жакшырган салон опционалдуу отургучтардын үчүнчү катары менен мүнөздүү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, X7нин баасы 130 миң еврого теңелет.

Кыргызстан обондору

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Биз жашаган дүйнө не деген кызыктарга толо. Айрымдарын укканда чын эле таң калып, \»ушундай да болобу\»-дейбиз. А айрымдарына такыр эле ишенбейбиз. Бирок бул чындык, табигатта мунун баары кайталанып турган кубулуштар. Төмөндө дал ушундай сизди таң калдырган кызыктар жазылган. (далее…)

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}