Кызыктарга толгон Жапония

Ар бир өлкөнүн өзүнө тиешелүү каада-салты жана таң кала тургандай бири-бирине окшобогон өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн мамлекеттердин ичинен өнүгүп, алда канча жетишип келе жаткан Япония өлкөсүнүн биз билбеген белгисиз жактарынан жана дүйнөдөгү кызыктар жөнүндө кабардар кылмакчыбыз.

  • Япониялыктар жалкоо өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Алар түшкү тамактануусуз 24 саат иштей алышат. Үч күн уктабай жүрүшсө дагы, жаңы идеяларды ойлоп, аларды ишке ашыра алышат.
  • Төрт күн эс алууга чыгышса, алар үчүн бир жыл дем алгандай болуп, идеялары топтолуп калат. Жумуш сааты бүтсө дагы, үйлөрүнө кетпестен иштеп жүрө беришет.
  • Япониянын эли, сыртынан кичинекей көрүнгөнү менен күчтүү жана жөндөмдүү келишет.
  • Спирт ичимдиктерин ичкенди жактырышпайт. Бул жагы жакшы экен.
  • Ырдаганга жана сүрөт тартканга кызыгышат.
  • Япониялыктардын тили татаал болгондуктан, алардын тилин үйрөнгөн адамдарды урматтап, сыйлашат. Башка өлкөнүн адамдары япончо саламдашып жатканын көрсө, япониянын эли үчүн чоң сыймык.
  • Урушуп жатканда, жаман сөздөр менен урушушпайт, жөн гана үнүн жоон кылып эмоция менен билдиришет.
  • Уурулукка барган адамды катуу жазалашат. Кимде-ким метрого кол чатырын же башка буюмдарын унутуп калган болсо, кайра барып таап алууга болот.
  • Үйгө болобу,ооруканагабы же ресторандаргабы, кайсыл жерге барышпасын бут кийимин чечип киришет. Ошондуктан дайыма жанына байпак сала жүрүшөт.
  • Бут кийимди чечкенден кийин кайра кеткенге даярдап, көчө жакты каратып эшиктин оозуна коюш керек. Эгерде муну кылышпаса уят деп эсептелинет.
  • Шамдагай келгендиктен, алар бут кийим чечкен жана кийген жагынан алдына эч кимди чыгарбайт.
  • Өз өлкөсүнөн башка жакка чыккандан коркушат.
  • Конокту үйлөрүнө чакырбайт, болгону \»Биз жакка бир күнү келип кетиңиз\» — деп гана жылмайып айтып коюшат.
  • Акча каражаттарын себепсиз чача бермейлери бар.
  • \»Рахмат\» — дегендин ордуна жөн гана баш ийкейт.
  • Японияда жазуунун үч түрү бар. Биринчиси Хираган, экинчиси Катакана, үчүнчүсү Кандзи.
  • Машинаны 120 км ылдамдыкта айдашса да айып төлөшпөйт. Анткени алардын мыйзамында буга уруксат берилген.
  • Суу тартыш болгондуктан бир адам жуунган сууга, үй-бүлөсүнүн баардыгы жуунуп чыгышат. Баары бүткөндөн кийин кайра ал сууга кир жуушат.
    Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
  • Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}