Кызыктуу фактылар

\»Көп жашаган эмес, көптү көргөн көптү билет\». Бул макал эң таамай айтылган. Бирок ошентсе да бул дүйнөдө сиз канчалык көп жашасаңыз да, сиздин жаш курагыңызга көз каранды болбогон, сиз али билбеген, сиз уга элек кызыктуу нерселер аябай эле көп жана ал кызыктын бардыгын билүү мүмкүн эмес. Кантсе да биз бүгүн сиздерге кызыктар тууралуу кыскача фактыларын жазып өтөлү.•Жер жүзүндөгү адамдардын жарымынан көбү өмүрүндө карды өңүндө көргөн эмес.

•Эйфель мунарасын 7 жылда бир жолу сырдап турушат.

•Кытайда мугалим окуучуларды жакшы окушсун деп, класс ичинде 20 мүнөт уктаганга уруксаат берет.

•Осакодо (Япония) кеңсенин имараты аркылуу өткөн жол бар.

•Адамдардын бештен экиси биринчи сүйүүсү менен баш кошот экен.

•Илимий изилденген – эгер бир нерсени 21 күн катары менен кыла берсе, ал адатка айланат.

•Рейкьявикте кыштын күнү жаан же кар муз болуп тоңуп калбашы үчүн, жылыткычы бар тратуарларды салышат.

•Актриса Ширли Хендерсон “Гарри Поттерде” 13 жашар ыйлаак окуучу кыз Миртлдын ролун ойногон. Кино тартылып жатканда Ширли кырктарга чыгып калган актриса эле.

•Чарли Чаплинге окшоштордун сынагында Чарли Чаплин өзү үчүнчү орунду алган.

•Коала суткасына 18ден 22 саатка чейин уктайт.

•Плутон планетасы Россиядан кичинекей.

•Рубик кубиги – дүйнөдө эң көп сатылган товар.

•Наристелер жарык дүйнөгө келгенден баштап 3 айга чейин жашы жок ыйлашат.

•Асмандагы жылдыздар жердеги кумга караганда бир топ көп.

•Колибри – артка уча алган жалгыз чымчык.

•Рокфеллер Джон Дэвисон 100 миң доллар тапсам жана 100гө чейин жашасам деп кыялданчу. Ал 192 миллион тапкан, бирок 97ге чыгып өлдү. Кыялдардын бардыгы орундала бербейт…

•Токиодо зоопарктагы жаныбарларды көрүүчүлөрдөн эс алдырыш үчүн, зоопаркты жыл сайын 2 айга жабышат.

•Россия менен АКШны болгону 4 километр бөлүп турат.

•Болжол менен кичинекей балдар күнүнө 400 жолу күлүшөт. Ал эми чоң кишилер болжол менен 15 жолу.

•Александр Грейм Белл телефонду ойлоп тапкан, бирок апасына жана аялына бир да жолу чалган эмес. Ал экөө тең дүлөй эле.

•Ливермол шарында 110 жылдан бери күйүп кете элек лампочка бар.

•Москвадагы батирлерден арзан турган ак сарайлар бар.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}