Көздүн көрүүсүн сактоочу ыкмалар

Көз-бул курал. Көрүү болсо табияттын керемет белеги. Изилдөөлөргө караганда, адам маалыматтын 70-90 пайызын көрүү аркылуу алат. Азыркы технология өнүккөн заманда көп убактыбыз экран алдында өтүп көзгө күч келип, чарчап, натыйжада көрүү начарлайт. Көздүн көрүүсүн сакташ үчүн эмне кылуу керек?1.Көзүңүздө эч кандай маселе болбосо деле офтальмологго бир жылда бир жолу көрүнүп коюңуз. Көздү текшертүү аркылуу кант диабети, артериалдык гипертония сыяктуу оорулардын бар же жок экендигин билүүгө болот.

2.Туура тамактаныңыз. Кара моюл (черника), сабиз, курма, жүгөрү, ашкабак, шпинатта витаминдер, В-каротин заты көп болгондуктан бул азыктарды көп колдонуу менен адам жаш кезинде эле эмес, карыганда да көрүүсүн жоготпойт. Булардан сырткары кара нан, буудайдын катуу сортунан жасалган макарондор, гречка, сулу акшагы, картошка да жардам берет. С, Е витаминдери, цинк, омега-3 көрүүнүн деңгээлин жогорулатат. Бул витаминдер менен минералдык заттар балык, деңиз азыктарында, дан өсүмдүктөрүндө, өсүмдүк майларында жана жашылча-жемиштерде бар.

3.Көрүүгө байланышкан маселелер менен активдүү күрөшүңүз. Эгер көрүүңүз начарлаганын аныктасаңыз, сөзсүз көз айнек же линза тагыныңыз. Азыркы учурда көз айнекке караганда линза бир топ натыйжалуу экендигин адистер айтып келишет.

4.Көзүңүздү күн нурунан сактаңыз. Окумуштуулардын айтымында, күндө көп убакыт көз айнексиз же башка коргоочу буюмсуз жүрүүдөн көздүн сырты жана ички структурасы (ирмөөчтөр, кабыкча жана чечекейи) жабыркап, жыйынтыгында көрүү органынын өнөкөт оорусу пайда болот. Көзгө күн нурунун узак убакыт тийиши катаракта, тор кабыгынын жабыркашы жана көздүн айланасындагы теринин рагына алып келет. Ошондуктан жайында эле эмес, кышкысын да көздү күн нурунан коргоочу көз айнек тагып жүрүү керек. Көздү күн нурунан сактоо өзгөчө жаш балдар жана өспүрүмдөр үчүн маанилүү. Анткени чоңдорго караганда алардын көзүнүн кареги кененирээк, чечекейи тунук болот. Алар күн нурунда көп убакыт өткөрөт жана чоңдорго караганда күндөн сактоочу көз айнекти аз колдонот.

5.Жумуш ордуңуздагы жарыкка маани бериңиз жана караңгыда китеп окубаңыз. Дарыгерлер үйдөгү, жумуш орундагы жарыктын жетишсиздиги көзгө зыян экенин баса белгилешет. Ошондой эле ачык ак кагаз көзгө күч келтирет. Компьютерде отуруп иштесеңиз, ширетүүчү болсоңуз, же көчө тазалагыч болуп иштесеңиз, анда сөзсүз коргоочу көз айнек тагынып, 5-10 мүнөт сайын көздү эс алдырып туруңуз. Монитордон көз өйдөрөөк болуп, экөөнүн аралыгы 30-50 см болушу керек.

6.Көз үчүн атайын көнүгүү жасаңыз. Бүгүнкү күндө пальминг деп аталган көнүгүү жасалып жүрөт. Аны америкалык офтальмолог Бейтс ойлоп тапкан. Пальминг көнүгүүсүн үйдө да, жумушта да жасасаңыз болот. Ал үчүн чыканагыңызды столго коюп отурасыз. Мээнин кан айлануусу оптималдуу болушу үчүн желке, моюн, омурткаңызды түз кармаңыз. Алакандарыңызды бири-бирине сүртүп алып, колдоруңуздун биринин үстүнө бирин коюп үч бурчтук абалга келтирип туруп, жумулган көздөрүңүздү жаап олтуруңуз да, жакшы бир нерсе же окуя тууралуу ойлонуңуз. Мында көзүңүз чарчоодон арылып эс ала түшөт. Пальмингди туура аткаруу менен көрүүнү бат калыбына келтирүүгө болот. Жадагалса миопиянын жеңил түрүнөн ушул көнүгүүнү жасоо менен айыгууга болору далилденген.

7.Тамекиден баш тартыңыз. Тамеки тартуу өпкөнү эле жабыркатпастан, көздүн ички кан басымын көтөрүп олуттуу ооруну пайда кылат.

8.Көздү ачып чүчкүрбөңүз.

9.Көздү бат-баттан ирмеп туруңуз. Көбүнчө экран алдында отурганда. Бул көздүн кургап кетүүсүнөн сактайт.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}