Маданият менен архитектураны бириктирген Сидней

Австралиянын эң байыркы жана эң чоң шаары Сиднейде жер шарынын жашоочуларын кызыктыра турган имарат бар. Мындай курулуш дүйнөнүн башка эч жеринде жок. Эң кызыктуусу, бул имарат искусствого арналып курулган.

Маданият менен архитектураны бириктирген Сидней

Сиднейдеги театр 3 капталынан суу менен курчалып турат. Анын чатыры болсо алыстан жел кемени элестетип тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. 1950-жылдардын башында Сидней шаарындагы жаңы искусство борборун куруу боюнча эл аралык сынак жарыяланган да, анын жеңүүчүсү болуп даниялык архитектор Йорн Утцон тандалган. Сынактын жюрилери анын долбоорун эң мыкты деп чечишкен. Куруу үчүн Беннелонг тумшугун даярдашкан. Кемелерге жана эски сарайларга салыштырылып жасала турган имаратты жасай келгенде оңойго турган эмес.

Маданият менен архитектураны бириктирген Сидней

Театрдын пайдубалы 1959-жылы тургузула баштап, 4 жыл тынымсыз эмгектен кийин бүтүрүшкөн. Кезек чатырларга келгенде куруучулар алгач кыйналышкан. Себеби, бул чатыр долбоор боюнча бири-биринин үстүнө “минген” катмарчалар болушу керек эле. Бул чатыр 2 миңден ашык бетон бөлүктөрүнөн турат. Аларды бири-бири менен жалпы узундугу 350 чакырым темир аркан байлап турат. Имараттын бийиктиги 67 метр. Чатырдын сыртына миллиондогон керамика плиталары жабылган. Ак жана саргыч боз түстөгү плиталар күн нуруна чагылып, түрдүү оймо-чиймелерди жаратканы адамды тартып турат.

Маданият менен архитектураны бириктирген Сидней

1973-жылы расмий кечеде Елизавета II Опера театрын ачык деп жарыялаган. Театрда 4 негизги сахна бар. концерттик залга 2 миң 600 киши батат. Опералык зал кичирээк, анда 1,5 миң орундук жайгашкан. Ачылган күндөн баштап театрга 36 миллион киши келип кеткен. Бул Австралиянын калкынын санынан 2 эсе көп.

Маданият менен архитектураны бириктирген Сидней

Өзгөчө курулушу менен өзгөлөрдүн назарын бурган Сидней Опера театры дүйнөдөгү эң кооз театрлардын бири болуп саналат. Деңиз жээгинде жайгашкан театрды көрүү үчүн жыл сайын, дүйнөнүн булуң-бурчунан миллиондогон турусттер келишет.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}