Максатка карай …

Көпчүлүгүбүз барган сайын \»жашыбыз өтүп баратат\» деп өзүбүздү таштап коёбуз же \»убагы келет\» деп отура беребиз. Эгер мындай шылтоолорубуз болбогондо, балким, илимий ачылыш жасамакпыз, тил үйрөнүп чет өлкөгө чыгып келмекпиз, мүмкүн миллионер болмокпуз. Максатым ишке ашпай калабы деп күмөн санап отурганыбызда башкалар ийгиликке жетип жатышат. Эмесе, өзүбүзгө мотивация берип, максатыбызга тезирээк жетели!1. Алыңызга жараша иш тизмегин түзүп, ашыкчасын алып салыңыз. Анткени башыңызга көп жумуш үйүп алсаңыз, стресске учурайсыз. Ал эми иш тизмегиңиз толугу менен аткарылса, сизге ушул мотивация болуп берет.

2. Ар дайым адамдарга жардам бериңиз. Анткени башкаларга көмөк көрсөтүү менен бизде жагымдуу эмоциялар пайда болот. Ал эми сиздин аракетиңизге алар ыраазычылык билдиришет. Башкаларды бактылуу кылсаңыз, өзүңүз бакытка туш болосуз.

3. Өзүңүздү ар бир жасаган ийгилигиңиз үчүн мактаңыз. Бирок процесс эмес, прогресс болгондо мактанганга көнүңүз. Анткени өзүңүздү өтө мактап жиберсеңиз мээңизге ийгилик жаралды деген белги берилет. Жыйынтыгында максатка жетүү үчүн сиз баштагыдай аракет көрбөй каласыз.

4. Бардык кырдаалдардын жакшы жактарын гана көрүүгө аракет кылыңыз. Ал эми башыңыздан өтүп жаткан кыйынчылыктарды келечекке болгон тажрыйба деп билиңиз. Эсиңизде болсун, азыр адамдардын көйгөйлөрү өзүнө жетиштүү. Сиздин көйгөйлөрүңүз башкаларды кызыктырбайт. Андыктан позитивдүү болуп, айланаңыздагыларга энергия бериңиз.

5. Жашоо бир күнү бүтөрүн эске алыңыз. Кызыктай угулушу мүмкүн, бирок элестетиңиз, эртең сизге ажал келет. Албетте, сиз маанилүү деген иштерди аткарып, жакындарыңыздын жүрөгүндө жакшы адам катарында калгыңыз келет. Оңой сезилгени менен элестете келгенде кыйын эле. Андыктан күн сайын машыгууга туура келет. Эгер күнүгө ушундай элестетип жашасаңыз ийгиликке тез жетесиз.

6. Өзүңүзгө жакшы мамиле кылыңыз! Ар бир адам уникалдуу, андыктан өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз. Анткени баарыбызга бирдей мүмкүнчүлүк, бирок ар башка шык-жөндөм берилген.

7. \»Убакыт кантип өткөнүн билбей калам\» деген сөз сизге таанышпы? Себеби сиз жумушка келер замат социалдык тармактардагы баракчаңызды ачып, аны менен алаксып отурасыз. Ошону менен таңкы, анын ичинде бир күндүк энергияңызды болбогон бир \»лайктарга\» коротосуз. Мындай кайталанбасын десеңиз иш тизмегин түзүп, биринчи сапка энергия көбүрөөк кете турган жумушуңузду жайгаштырыңыз.

8. Күн сайын эс алыңыз. Кантип десеңиз! Жумуш учурунда 5 мүнөттөй көзүңүздү жумуп чалкалап отуруңуз же жатыңыз. Бул ыкма чачыранды ойлорду чогултуп, сизге кошумча энергия тартуулайт.

Жогорудагы эрежелерди эске алып, ийгиликке багыт алыңыз. Аракет кылсаңыз баары оюңуздагыдай болот.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}