Максатты туура тандаңыз

Азгана адамдар артына жаркын из калтыра алышат. Сиздин милдетиңиз – жалпы массадан жулунуп чыгуу жана өз муунуңуздун эң ийгиликтүү адамдарынан болуу. Бардык көрүнүктүү адамдарды ой жүгүртүүнүн өзгөчө стили, активдүү аракеттерге ыктоочулук жана жыйынтыкка карата көшөрө кадалуу башкалардан айырмалап турат. Албетте, алар максатты да туура коё билишет жана жана ага карай умтулганды да билишет. Төмөндө максат коюунун жети кадамын келтиребиз:

1-кадам.

Эмнени кааларыңызды так чечиңиз. Турмуштун бардык чөйрөсүндө эң мыкты ийгиликтерге жетишкен 10% адамдарга кошулуңуз.
Ошондо сиз эмнени каалабай турганыңызды да так түшүнөсүз, ошондо эмнеге умтулуп, эмнеден качуу керек экенин да так билесиз.

2-кадам.

Эмнени кааларыңызды так чечип алар замат, ошону майда-чүйдөсүнө чейин жазып чыгыңыз. Адамдардын 3 гана пайызы, өз максаттарын кагазга түшүрөт. Сиз максаттарыңызды жазып чыксаңыз, ошол 3% адамдардын катарында болосуз.

3-кадам.

Өз максатыңызга жетүүнүн мөөнөтүн коюңуз. Сиздин акыл парасатыңыз өтө күчтүү, ал конкреттүү мөөнөттөрдү өтө сүйөт. Эгер максат узак мөөнөттүү болсо, ага жеткире турган бир канча майда максаттарды мөөнөтү менен коюңуз: эгер максат беш жылдык болсо, адегенде бир жылдык, алты айлык, үч айлык, бир айлык максаттарды коюп, ошого жараша аракеттениңиз. Көпчүлүк менеджерлер бир күндө кимге чаларын, канча нерсе сатарын, ошол күндүн ар бир саатында канча каражат табарына чейин күн сайын пландаштырат, ошолор күндү эч нерсени ойлобой баштагандарга караганда алда канча жакшы каражат табышат.

4-кадам.

Максатыңызга жетүү үчүн эмне кылышыңыз керек, ошонун тизмесин түзүңүз, бул эми там салуу үчүн, таш алам, цемент алам, жыгач алам деген сыяктуу эле кеп. Ар жолу жаңы пайда болгон идеяны кошо бересиз, акырындап олтуруп толук иштелип чыккан долбоор пайда болот.

5-кадам.

Түзүлгөн тизмеңизди планга айландырыңыз. Ар бир ишти зарылдыгына жана ырааттуулугуна жараша жайгаштырыңыз. Биринчи кезекте аткарыла турган иштер пландын зарылдары, ал эми кайсыл ишти кандай кезек менен аткара турганыңыз ырааттуулугу болот.

6-кадам.

Максатыңыз жана планыңыз даяр болору менен өз максатыңызга карай токтоосуз жыла баштаңыз. Аны дароо баштаңыз, убакытты кетирбеңиз.

7-кадам.

Өзүңүздүн башкы максатыңызга жетүү үчүн ар күнү бир нерсе жасаңыз. Бул ийгиликтүү адамдардын ишинин эң маанилүү пункттарынын бири. Алар башкы максатына жетүү үчүн бир жылда 365 жолу бир нерсе жасашат, ар бир күндү, ар бир учурду жөн кое беришпейт.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}