Мамлекеттер тууралуу кызыктарды биле жүрүңүз

Дүйнө жүзүндө 197 көз карандысыз мамлекет бар, анын ичинен 193 мамлекет Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө, 2 мамлекет байкоочу катары мүчөлүк кылат. Дүйнө мамлекеттери тууралуу түркүн кызыктар бар, алардын айрымдары менен төмөндөгү маалыматтар топтомунан тааныша аласыз.

  • Канаданын аймагында дүйнө жүзүндөгү көлдөрдүн 60%ы жайгашкан. Бул өлкөдөгү 3 миллион көл анын аймагынын 9%ын ээлейт.
  • Ливиянын кээ бир аймактарынын 99%ы чөлдөр менен капталган, ал жерлерде ондогон жылдар бою бир тамчы да жаан жаабайт.
  • Гуамда жаратылыш кумдары жок болгондуктан жолду асфальттоо үчүн кораллдарды жна мунайды колдонушат.
  • Францияда башка аймактарын кошо эсепке алганда 12 сааттык, Россияда 9, АКШда 11 сааттык алкак бар.
  • Науруну ашыкча салмактагы адамдардын өлкөсү деп аташат. Анын калкынын 95%ын толук адамдар түзөт.
  • АКШда Жер шарынын калкынын 5%ы жашаса, андагы түрмөлөрдө дүйнө жүзүндөгү камактагылардын 25%ы — 2,2 миллион адам олтурушат. Экинчи орунда Россия (1,5 миллион адам), үчүнчү орунда Кытай (870 миң адам) турат.
  • Сингапур дүйнө жүзүндөгү ири шаар-мамлекет болуп эсептелинет.
  • Папуа-Жаңы Гвинеянын жашоочулары ар түрдүү 820 тилде сүйлөшөт. Расмий англис тилин калктын 2%ы гана колдонот.
  • Фолкленд аралында (Улуу Британия) 3 миң адам жашайт жана 500 миң кой бар.
  • Катарда башка өлкөнүн жарандары үчүн жарандык алуу мүмкүн эмес, жарандык алуу үчүн араб болуп төрөлүүдөн башка жол жок.
  • Нью-Йорктогу Эркиндиктин Статуясын АКШлыктар эмес, француздар курган. Бирок ал эстеликти алгач АКШга эмес, Мисирдин Порт Саид шаарына куруу пландаштырылгандыгын баары биле бербейт.
  • Эне болуу үчүн эң ыңгайлуу мамлекет – Финляндия. Эларалык уюмдун изилдөөсүнө ылайык, аны аныктоо үчүн 5 көрсөткүч каралган. Ага ылайык, үчилтикке Финляндия, Норвегия жана Швеция кирди. Кыргызстан болсо, бул рейтингде 178 өлкөнүн ичинен 108-орунга илинди. Ал эми эң ыңгайсыз мамлекет деп Сомали деп табылды.
  • Сингапурда сагыз чайноого тыюу салынган. Сагыз чайнагандар административдик жазага тартылат. Сингапур- эң өнүккөн жана эң чоң шаар мамлекет катары да таанымал.
  • Монголияда 1 чарчы километр аянтта 3 эле киши жашайт. Ал эми Гонгконгдо ушундай эле аянтка 340 000 адам туура келет.
    Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
  • Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}