Манты

Айкыз апа жай айларында аскердеги уулу Атырбектен кабар алганы үч жолу барды. Июндагы алгачкы зыяратында уулу бир кыйла арыктап, жүдөй түшкөнүн байкаган.

— Садагам, арыктап кетиптирсиң. Ден-соолугуң жакшы элеби? – деп сураган эне баласынан кабатырлана.— Ден соолугум жакшы, апа, — деген Атырбек жадырап-жайнап.
— Курсагың тойбой жатабы? – эне ыйлап ийчүдөй түр менен эбедейи эзиле сурады.
— Тоюп эле жатам. Бирок, сиздей болуп мага күн алыс ким манты бышырып бермек эле бул жерде. Ошого бир аз арыктасам керек. Анан күнүгө беш чакырым чуркайбыз.

Ушул маектен соң Айкыз апа айылына кайтпастан шаарда жашап жаткан сиңдиси Бүбайдыкында бир күн калып, казак унунан камыр жууруп, жука кылып жайып, кесип, өз колу менен манты жасап, эртеси эртең менен чымын-куюн болуп кайрадан Атырбек кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө жеткен. Сааркы тамакка чейин жетип калсам деп күн али көрүнө элек таңкы иңирде үйдөн чыккан. Келсе Атырбек жоокерлер менен чуркоого кетиптир. Жарым сааттай убакыттан соң гана уулуна жолугуп, төрт жапкан нандын араларына кабат-кабат кылып тизип алып келген мантыларын берген. Чынында бала апасынан мындайды күткөн эмес. Тамашалап “сиздей ким манты бышырып бермек эле” деген сөзүн түз кабыл алып кылган ишин карасаң. Мындай ыклас, мындай сүйүү энеден башка кимде болмок эле… Айкыз апанын өзүнө койсо уулун өз колу менен тамактандырып, тойгозуп кеткиси бар эле. Бирок, Атырбек атайын жолугуучу жайда видеокамера орнотулганын, андан монитор аркылуу күзөт нөөмөтүндө отургандар көрүп турганын ойлоп уялып, “жуунуп алып, шашпай жейм” деп апасына жылмайып койду. Бала кезинде жайлоодо жүргөндө чоң атасы: “Бирөөнү каратып туруп тамак жебеш керек. Сугу кирип кетсе ичиң ооруп калат. Же чакырып чогуу же”, — деп айтканы эсине кыттай уюп калган. Күзөттөгү балдар деле мантыны сагынган чыгар: мунун майланышып тамактанып жатканын көрүп, шилекейи агары турган кеп.

Бирок, ошол мантыдан ооз тийүү Атырбекке насип болгон жок. Казармага кирер замат жарым жыл мурда аскердик кызматка келген “чоң аталардын” (деддер) бири Атырбектин алдынан тосо чыгып:

— Балам, айылдан бизге эмне келиптир? – деп келекелүү сүйлөп, — Келе берчи колуңдагыны.

Атырбек унчукпай манты менен нан салынган пакетти карматкан тигил зөөкүргө.

— Ах… Жыты буркурайт го. Мммм. Манты турбайбы. Азамат, жарайсың. Качантан бери манты жей элек элем. Балам, сен биздей болгондо жейсиң, — деп кудуңдай сүйүнүп, алчусун алган “чоң ата” Атырбекке рахмат да айтпай, теңтуштары менен “олжосун” бөлүшкөнү өздөрү уктачу бөлмөгө кирип кеткен. Жок дегенде өзүң бирди ооз тий деп да айтпады, шүңүрөйгөн шүмшүк десе. Эми ушул тамак кантип аш болот буга. Бирөөдөн көз көрүнөө тартып алып, адал тамакты арамга айландырганын билеби деги бул чунак. Арам десе эле көпчүлүк арак менен чочконун этин гана түшүнөт экен. Бирок, уурдап, пара алып, алдап, кумар ойноп, бирөөдөн зомбулук менен тартып алган “ырыскыңдын” баары арам болорун ойлоп да коюшпайт. Арамды жеш – бул алоолоп турган жалынды, кызарып турган чокту жегендей эле кеп экенин ар бир адам түшүнсө, чексиз мээримдүү жана ырайымдуу Жаратканыбыз эки дүйнөнүн тең берекесин арттырып бермек, башка келчү канча балакеттерден сактамак. Арамдын зыянын санап болбойт. Эң эле азы – Жараткандын адамзатка гана ыроолоп, насип кылган улуу дөөлөтү болгон акыл-эсти мокотуп, алсыратып коёт тура.

“Арам тамак жеп-ичип,
Ажырайт эстен акылың”, — деп ырдаптыр мындан бир кылымдан ашык илгери жашап өткөн Туяк ырчы.

Мантыны бербей койсо Атырбек чоң балээге калмак. “Чоң аталардын” бирине эле каяша айтсаң же кол көтөрсөң, баары биригип келип, көптөп төпөштөп салышат. Аскердин жазылбаган мыйзамы ушул. Жыты сиңишип, узагыраак чогуу жүргөндөр ошентип уюмдашып, ынтымак болушат тура. Эгерде жаңыдан келгендер да ушулардай уюмдаша алганда, Атырбек “чоң ата” сөрөйлөрдүн эч кимисинен коркмок эмес. “Обу жок катын оорсок уй саайт” болуп, өздөрүн “чоң ата” аташып, болгону жарым жыл кийин келгендерге “балам” деп кайрылгандарын кантесиң дагы. “Балдарынын” арасында өздөрүнөн беш-алты жашка улуулары да бар. “Мейли жеген мантысы аш болсун, акча издеп чөнтөктөрүмдү тинтпегенине да шүгүр” деп ойлонду Атырбек. Айылдан жакындары келип, жолукканы чыккан жаш жоокерлердин чөнтөктөрүн текшерүү айрым “чоң аталар” үчүн кадимки бир көрүнүш. Эң башкысы мантыдан ооз да тийбегенин апасы билбесе, укпаса болду. Эгер билип калса ушуну ойлогон сайын өлөр-өлгүчө жүрөгү сыздап кыйналары турган иш.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}